1-май айылындагы Карабеков Сатынбай атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Шапданбеков Бекбол Республикалык олимпиаданын райондук этабында география предмети боюнча 1-орунду багындырып, учурда география мугалими Адылбек кызы Элнура менен облустук олимпиадага даярданышууда. Белгилей кетсек, Шапданбеков Бекбол Конушбаев Тынчтыкбектин демөөрчүлүгүндө уюшулган Жогорку Кеңештин депутаттары менен уюштурулган маалыматтык турга барып келди.
Ушул эле айылдын дагы бир ийгиликке жеткен 7-классынын окуучусу Канатбеков Элмир «Илим жана техника» күнүнө карата «Тюк подборщик» деген машина ойлоп таап, өз колу менен жасап Жайыл району боюнча 1-орунду алды.
Учурда Элмир дагы облустук деңгээлге даярданып жатат.
Шамирдионва Бегимай