Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын энелери даңк медалдары жана баатыр эне ордендери менен сыйланышты. Учкун айыл аймагына Учкун, Куланак жана Жылан — Арык айылдары кирет. Үч айылдан 5 эне «Баатыр эне» ордени 3 эне «Эне даңк» медалдары менен сыйланышты.
Учкун айыл өкмөтүнүн социалдык өнүктүрүү секторунун сектор башчысы Анара Балтабаева төмөндөгүлөргө токтолду.
«КРдин мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Баатыр эне ордени менен жети же андан ашык бала төрөгөн энелер сыйланып келген. Баланын таалим-тарбиясы, ой жүгүртүүсү, дене түзүлүшү жана адеп-ахлактуу өнүгүүсү жагынан талаптагыдай камкордукту камсыздаган энелер наамга көрсөтүлөт. Дагы бир маселе, жетинчи баласы бир жашка толгондон кийин бардык балдары аман-эсен болсо алат. Мыйзамда белгиленгендей, асырап алынган балдар эне менен үч жылдан ашык чогуу жашашы керек. Экинчиден, балдары Ата Мекенди коргоп же жарандык милдетин аткарып жатып кайтыш болгондугу да эске алынат. Жыл сайын аталган наамга көп балалуу энелер бизге документтерин тапшырып, биз болсо районго өткөрүп беребиз. Документтер тапшырылгандан кийин кийинки жылга Баатыр Эне ордендери жана Эне Даңкы медалдары бизге тапшырылат. Бул жылы да аймак боюнча 5 Баатыр Эне орденин, 3 Эне даңкы медалын көп балалуу энелерге тапшырган жатабыз.
Куланак айылынын тургуну Бексопуева Жазгүл Сулпукаровна «Эне Даңкы» медалы менен сыйланды.
«Ар бир эле энени баатыр эне деп эсептейм. 10 баланы жарык дүйнөгө алып келеби, бир баланы жарык дүйнөгө алып келеби, өзүнүн өмүрүн тобокелге салат», — дейт Бексопуева Жазгүл.
Куланак жамааттык медиа борбору