Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары арасында “Манас таануу” таймашы болуп, ага райондогу 18 мектептен 32 команда катышты. Таймаштын жүрүшүндө Саякбай Каралаевдин варианты боюнча суроолор берилди. Ошондой эле суроолор эпостогу кайсы окуяга байланыштуу экенине да маани берилди.
Таймашка удаа эле белгилүү манасчылар Уркаш Мамбеталиевдин жана Сапарбек Касмамбетовдун 90 жылдык мааракелерине карата жаш манасчылар сынагы өтүп жатты. Анда эпос орус, англис тилдеринде дагы айтылды.
“Манас таануу” таймашынын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, облустук турга жолдомо алышты. Маалыматтарга караганда кийинки жылдары аталган таймаш Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча өткөрүлөт.
Мээрим Тентиева