Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссия менен биргеликте зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык форум уюштурулду.
2024-жылдын 26-февралында Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдүн арасында кылмыштуулуктун (суицид, зордук-зомбулук, мектеп рэкети, уурулук, тоноочулук, топтолушуп мушташуу), радикализм жана экстремизмге бѳгѳт коюу боюнча, наркотикалык заттарды, алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини колдонуунун зыяндуулугу боюнча, коррупция жана адам сатуу, кыз ала качуу, эрте жашта никеге туруу кѳрүнүштѳрдүн алдын алуу, ошондой эле этностор аралык ынтымагын бекемдѳѳ жана Кыргыз жараны деп жарандардын ѳзүн таануусун калыптандыруу боюнча форум болду.
Форум бир нече максатта өткөрүлдү. Жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдүн арасында кылмыштуулуктун (суициддин, зордук-зомбулук, рэкетчилик, уурулук, тоноочулук, топтолушуп мушташуу), радикализм жана экстремизмге бѳгѳт коюу боюнча, наркотикалык заттарды, алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини колдонуунун зыяндуулугу боюнча, коррупция жана адам сатуу, кыз ала качуу, эрте жашта никеге туруу кѳрүнүштѳрдүн алдын алуу, ошондой эле этностор аралык ынтымагын бекемдѳѳ жана Кыргыз жараны деп жарандардын ѳзүн таануусун калыптандыруу
Форумга Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин орун басары Асель Сансызбаева, 136 мечиттердин имамдары, айыл башчылар, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештери, коомдук алдын алуу борборлорунун ѳкүлдѳрү, айыл аймактардын соц.адистери жана мектептердин директорлору жана соц.мугалимдери, спорттук тренерлер катышышты.
Форумдун жүрүшүндө “Балдардын укуктары боюнча” Базар-Коргон райондук билим берүү бѳлүмүнүн адиси Мусалиев Анарбек, “Жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери боюнча ”Базар-Коргон райондук ички иштер бѳлүмүнүн жашы жете электер менен иштѳѳ инспекциясынын улук инспектору, милициянын улук лейтенанты Арген Мусабаев “Жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун, алардын арасында наркотикалык заттарды колдонуунун алындын алуу боюнча” жана Жалал-Абад шаардык ички иштер бѳлүмүнүн жашы жете электер менен иштѳѳ инспекциясынын улук инспектору Кыдырова Самара эрте жашта никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүштү.
Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары Токтосунов Ильясбек балдардын жана жашы жете электердин укугу жөнүндө айтса, Ноокен райондор аралык оорууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы Абдалова Бубажар коррупциянын алдын алуу боюнча айтып берди.
Андан тышкары Базар-Коргон районунун прокурорунун жардамчысы Сагыналиев Бексултан, Этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы Досов Эмилбек жана Базар-Коргон районунун имам-хатиби Икрамов Нармамат ажы, Базар-Коргон районунун аялдар кеңешинин тѳрайымы Абдрахманова Батма, Базар-Коргон районунун аксакалдар кеңешинин тѳрагасы Тойчиев Абдибаит сөз сүйлөштү. Алар өз сөздөрүндө Кыргыз Жараны концепциясы тууралуу айтышып, ар бир кыргыз жараны жаран катары калыптануусу керек экенин белгилешти.
Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, аткаруу үчүн жер жерлерге жѳнѳтүлѳт.