Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, залкар обончу жана аткаруучусу Рыспай Абдыкадыровду эскерүү менен чыгармаларына арналган «Рыспайдын ырларын ырдайбыз» аттуу Жалал-Абад облустук кароо-сынак болуп өттү.
Сынактын райондук, аймактык турунда ийгиликке жетишкен Токтогул районунун таланттуу окуучулары катышып, байгелүү орундардын, ардак грамоталардын ээси болуп кайтышты.Токтогул районунун окуучулары 7-11 жаш боюнча Чодошев мектебинин 4-классынын окуучусу Калдаржанова Аймээрим 1-орунду, 12-14 жаш боюнча Артыкбаев мектебинин окуучусу Шеримбеков Канай 2-орунду, Салаев мектебинин 2-классынын окуучусу Жолдошев Улукмырза 3-орунду, Терек-Суу айылынын Турусбек мектебинин 10-классынын окуучусу Керезбекова Бибигүл 3-орунга татыктуу болушту. Ошондой эле сүрөт сынагы боюнча Бримкулов мектебинин 5-классынын окуучусу Табышов Иса 1-орунду ээледи«Мен кичинемден бери ырдаганды жакшы көрөм. Чо атам аккардеон чертип берет мен ырдайм музыкага абдан жакынмын. Мектепте кандай кароо-сынак болбосун,дайыма атам аккардеон чертип берип колдоо көрсөтүп келет. Мен бул конкруска чейин атуулдук ырларга басым жасап,көбунчө Ата-мекен жөнүндө патриоттук ырларды ырдайт элем. Кароо-сынактарга катышып ийгиликтерге жетишкем. Рыспай Абдыкадыровдун ырларын ырдап ийгиликке жетиштим. Менин ийгиликке жетишиме ата-энемдин,даярдаган эжеке-агайларымдын дагы салымы күч», — дейт Керезбекова Бибигүл.
Нурпери Шабралиева.