Алыскы Ак-Сай өрөөнүндө жол, көпүрө оңдолуп, мончо жана ветеринардык сервис салынат. Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров Ак-Сайга өрөөнүн барып, быйылкы жылга жасалчу жумуштарды пландады.

Аким Нурбек Сатаров жергиликтүү тургундар менен
Район башчысы өрөөндөгү жашоочулардан кабар алып, ал жердеги чечилбей келе жаткан бир катар маанилүү көйгөйлөрдү чечүү алдында турганын маалымдады.

Мурдагы маданият үйүнө мончо салуу пландалды
Анда, быйылкы жылы көйгөй жаратып келген Ак-Сайга барчу жолду оңдоо, малчылар үчүн ветеринардык сервис жана маданият борборго мончо куруу, ошондой эле авариялык абалдагы Көк-Кыя көпүрөсүн оңдоо иштерин пландашты.
Сүрөт: Жайлоого өтчү жолдор оңдолууда
Асель Үркүнбаева