Эмгек рыногунда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында тажрыйба алмашуу максатында семинар өткөрүлдү.

Семинардын башталышы
2021-жылдын 6-7 сентябрында Ысык-Көл, Баткен, Ош шаарларынын кызматкерлери, адистери, GIZдин эксперттери үчүн уюштурулган семинар жыйынтыкталды.
Семинарга КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчыев катышты.

Семинардын катышуучулары
Биринчи бөлүгүндө Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Батырбек Абдымамытов калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жаатында үзгүлтүксүз иштери боюнча презентациялады.
Презентация учуру
Семинардын экинчи бөлүгү Кочкор районунун Көк-Жар, Туз, Кара-Суу, Кара-Тоо, Кочкор айылдарындагы кесипке багыт берүү максатында уюштурулган коомдук окутуулардан семинардын катышуучулары тажрыйба ала алышты.

Таштанды полигону
7-сентябрь күнү семинардын катышуучулары 2 күндүк иш-чараларды жыйынтыктап, талкулоо жүргүзүп, эксперттер менен бирдикте окутуу саясаттан ишке ашыру боюнча фокус группалар уюштурулуп, семинар өзүнүн ишин жыйынтыктады.
Нурия Карымбаева