Ак-Талаа районунда бюджеттик мекеме-ишканаларга жана элге 16 миң тоннага жакын көмүр керектелет. Мунун ичинен 3 миң тоннага чукул көмүр мекеме-ишканаларга, ал эми эл үчүн 13 миң тоннадан ашык тартылышы керек. Бирок, учурда көмүр тартуу иштери башталбай турат.
Акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулаймановдун айтымында бюджеттик мекеме-ишканаларга 3-4 күндүн аралыгында көмүр тартуу иштери башталат.
« «Турук» көмүр кенинде негизинен 4 жоопкерчилиги чектелген коому көмүр казуу иштери менен алектенет. Алардын ичинен «Сардар», «Кенч Строй» жана «Ырыс Кен» жоопкерчилиги чектелген коомдору бүгүнкү күндө иштеген жок. Учурда «Турук Майнинг» жоопкерчилиги чектелген коому иштеп жатат. Үгүт, Баетов, Терек, Ак-Чий, Кара-Бүргөн, Коңорчок, Жерге-Тал, Кош-Дөбө айыл өкмөттөрү жана бюджеттик мекеме-ишканаларга «Турук» кенинен көмүр тартылат. Кенге бара турчу жолдо көйгөй бар. Аталган ишкер күйүүчү майын куюп, биз техникаларын чечип берип жатабыз. Аба ырайы жакшы болуп турса, 3-4 күн ичинде көмүр тартуу иштери башталат. 10-октябрга чейин бюджеттик мекеме-ишканаларга көмүр тартылып бүтөт деп мерчемдеп жатабыз» дейт Сулайманов.
«Турук Майнинг» ишканасы кенде геологиялык чалгындоо, жардыруу жана тазалоо иштери жүргүзгөндөн кийин элге көмүр тартуу иштери башталат. Эгер, көмүр кору чыкпаса, анда Кара-Кечеден алууга туура келет. Мындан тышкары Көк-Жар, Тоголок Молдо, Жаңы-Талап, Ак-Тал жана Кызыл-Белес айыл өкмөттөрү Кара-Кечеден тарта турганын кошумчалады Сулайманов.
Ал эми Баетов айылындагы эки миң түтүн эл үчүн болжол менен 6 миң тонна көмүр керектелсе, мектептер үчүн 345, ал эми бала бакчалар үчүн 107 тонна көмүр тартылышы керек. Мындан сырткары, 88 үй-бүлөгө жылдагыдай эле 1 тоннадан бекер көмүр берилет.
«Быйылкы кымбатчылыкка байланыштуу көмүрдүн баасы туруктуу болбой калышы мүмкүн. Бюджеттик мекеме, социалдык обьектилерди көмүр менен толук камсыз кылмайынча сыртка ташуу иштери токтотулсун деген өтүнүчтөрдү айттык» деди Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абдылдаев.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Барчын Мамытбекова