Адамдын келечеги ден-соолугу биринчи кезекте гигиенадан башталат. Учурда жаштар туура тамактануу, туура кийинүү сыяктуу жөнөкөй эрежелерди билишпейт же күнүмдүк турмушта колдонушпайт. Өспүрүмдөр гигиенасы боюнча адис бала кичинекей кезинен күнүмдүк режимди бөлүштүрүү, өздүк тазалык, сапаттуу тамактануу сыяктуу жакшы адаттарга көнгөн болсо кийин дагы бул көндүмдөр калыптанып каларын айтат. Алдыда ата-энелер көңүл буруучу жагдайларга токтолобуз.






Гигиенанын ичине бир гана тазалык эмес, туура тамактануу, туура кийинүү, күнүмдүк режимди туура бөлүштүрүү дагы кирет.
Учурда балаңыз мектеп курагында болсо күнүнө бир саатта ойгонуусуна жана тазаланып, эртеңки тамагын жеп андан соң мектепкке кетүүгө көндүрсөңүз бул дициплинага көнөт. Ошондой эле туура тамактануусуна өзгөчө көңүл буруңуз. Канчалык үйдө талап, тартип күчтүү болсо ошончолук баланын ден-соолугу чың, таза болот.
Бала тарбиялоо туурасында материалдар бул жакта:
Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети
Кантип баланы өзүнө ишенимдүү кылып тарбияласа болот?
Психологдон кеңеш: Өткөөл курактагы бала менен кантип тил табышуу керек?
Адистер бала тарбиялоонун жөнөкөй бирок натыйжалуу жолдору менен бөлүшөт
Абу Дабиде мектеп жамааты окуучудан мурда ата-энени жаңы окуу жылына даярдайт
Айгерим Кубатбекова