Ар бирибиз чет тилдерин билүү келечекте ийгиликтин ачкычы экенин билебиз. Ата-энелер дагы балабыз эң жок дегенде англис тилин үйрөнүп алсын деп көп ойлонушат. Бирок, балага чет тилдерин кайсы куракта үйрөтүп баштоо керек? -деген суроо жаралат. Айрымдар канчалык эрте башталса ошончолук натыйжалуу деп эсептешсе, кээ бирлер бала кезде шашпай оюнга тоюп алып кийин деле үйрөнсө болот деген пикирде.

Акыркы учурларда ата-энелер арасында кызыктай адат пайда болду жаш баланы ымыркай кезинен тарта чет тилдерин үйрөтүү менен алектенүү. Туура, көптөгөн изилдөөлөр жаш бала акылы тунук кезде, бир нерсени бат кабыл алып тез өздөштүрүп кетет деген жыйынтыктарын айтышкан. Бирок, өз тилин жакшы үйрөнө элек балага чет тили ашыкча болушу мүмкүн. Бул учурда кошумча каражат коротуп, чет тилине басым жасоо сунушталбайт.
Тажрыйбалуу педагогдор жана психологдор 4-5 жаш ыңгайлуу деп эсептешет. Анткени бул учурда бала жетиштүү сөз байлыкка ээ болуп, өз тилинин түзүлүшүн жакшыраак түшүнүп калат. Болгону чет тилин үйрөнүү 35-40 мүнөттөн ашпаганы туура.
Ал эми 7-8 жашында бала кандай гана билим болбосун багындырганга даяр болот. Эгер сиз мектепкке чейин балаңызга чет тилин өздөштүрбөгөн болсоңуз дагы ал мектептен үйрөнүп алат.
Бала бул маселеге аң -сезимдүү түрдө караганда гана чет тилин үйрөнүүнү баштоо керек деп ойлогондор да бар. Башкача айтканда, 15-17 жашта. Бул анча натыйжалуу болбошу мүмкүн.
Эгер сиз балаңыз келечекте чет өлкөдө окууну улантарын кыялдансаңыз убакыттын кечиккен болосуз.
Демек чет тилин кайсы куракта үйрөнүп баштоо керек?
Баланы өтө жаш кезинен билимге толтурууга шашпаңыз, анткени бул чындап эле пайда бербейт. Бирок, ошол эле учурда үйрөнүүнү өтө эле кечиктирүү дагы туура эмес. Чет тилдерин үйрөнүүнү баштоо үчүн оптималдуу курак баланын жеке өзгөчөлүгүнө жараша 4-8 жаш.
Айгерим Кубатбекова