Кечээ, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ноокат районунун Куу-Майдан айылдык №5376 участкасында шайлоочулардын 39,5% добуш берүүгө катышты. Аталган шайлоо тилкесинде жалпысынан 1895 шайлоочу бар.
Шайлоонун жыйынтыгында бир мандаттуу талапкерлерден Жусупбек Коргонбай уулу 430, Артыкбай Абдивалиев 54, Бакытбек Марипов 221 добушка ээ болушту. Ал эми партиялардан эң көп добуш алгандар — «Альянс» жана «Бүтүн Кыргызстан» болду.

№5376 шайлоо участкасы
Кеңеш айыл өкмөтүнүнүн башчысы, №5376 УШКнын төрайымы жана айыл тургундары шайлоонун жүрүшүндө өз ойлорун билдирди.
Айыл өкмөт башчы Улукбек Шапиев айыл өмөткө коюлган эң биринчи талап – шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылып, эч бир партияга же талапкерге тарапташ болбоо дейт.
“27-ноябрь күнү айыл өкмөттөрдөгү бардык шайлоо участкаларды кыдырып, текшерип чыктым. Анда бардык аппараттар иштеп жатабы, коопсуздук эрежелери каралганбы, бюллетендерди сактоого темир кутулар, добуш берүүгө арналган маалымат материалдары бар бекендигин көзөмөлдөдүм”.

Айыл өкмөт башчы Улукбек Шапиев
УШКнын төрайымы Айтигүл Абдивалиева: “Техника, электр жарыгы боюнча көйгөйлөр болгон жок. Бирок, АЭУнын иштеши үзгүлтүкө учурап, кайра дароо эле өзүнүн калыбына келди. Шайлоочулар жакшы келип жатышат, 40 пайызга жетейин деп калды.”

УШКнын төрайымы Айтигүл Абдивалиева

Шайлоонун жүрүшү
Партиялык байкоочу Маматкадыр Арзыкулов: “Байкоочулардын негизги максаты бул шайлоонун таза, айкын өтүшүн камсыздоо. Азыркыга чейин мыйзам бузуулар байкалбады, УШКнын кызматкерлери иштерин так аткарып жатышат”-дейт.

Шайлоочу Карамат Султанова
Куу-Майдан айылынын тургуну, шайлоочу Карамат Султанова ар бир адам өзүнүн атуулдук милдетин аткарып, шайлоого сөзсүз түрдө катышуусу керектигин айтты.
“Мен 78ге чыгып каарып калсам дагы шайлоого келип өз милдетимди аткарып отурам. Өзүбүздүн балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги десек, таза, коррупцияга аралашпаган адамдарды тандообуз зарыл”.

Оператор шайлоочуну идентификациядан өткөрүп жаткан учур
Ал эми Абдиллахат Сарымсаков: “Шайлоочулар мурунку шайлоодо акчага азгырылчу. Азыр болсо эл өз ыктыяры менен келип шайлап жатышат. Акча сунуш кылган адам деле жок”-деп билдирди.
Аймончок Кожонова