Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн борборунда спорттук комплекстин курулушу башталды. Анын жалпы сметасы 44 млн сом. Быйыл 12 млн акча каражаты бөлүнүп, пайдубалын куруу иштери башталды.
Кулатов айыл өкмөтүнүн спорт жетекчиси Орозбек Абдуллахап уулу: «Айыл өкмөт тарабынан жалпы Кулатов айыл өкмөтү боюнча чоң спорт комплекс түшүп жатат. Бул спорт комплексинин заарылчылыгы абдан чоң. Айылдын борборуна спорттук комплекстин курулуп жатканы жакшы иш болуп жатат. Бул убакытка чейин бул жерде күрөшүү үчүн 50 орундуу кичи спорттук жай бар болчу. Азыркы курулуп жаткан спорттук комплексте бардык секциялары болот. Ичинде бардык спорттун түрү менен машыгууга болот. Курулуп жаткан спорт комплексинин аянты 54х21 м². Ошондой эле кыздар үчүн атайын бөлмө бөлүнүп, ар түрдүү ийримдер да уюштурулат».
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Сапар Бойдонов: «Кулатов айыл өкмөтүнө курулуп жаткан спорт комплекси тендер аркылуу жоопкерчилиги чектелген коом 44 млн сомго уткан. 2021-жылга 12 млн акча бөлүндү. Негизи 4 жылга пландаштырылган. Эгер акча каражаты болсо 3 жылда бүтүрүүгө аракет кылабыз».
Таңнуру Жалалова, Чынара Нурманова