Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы «Шапак» медиаборбору 11 айдан бери иш алып барып келет. Ал Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин базасында негизделген. Медиаборборго онго жакын мектеп окуучулары тартылган, алар жергиликтүү жаңылыктарды жазып сайтка жайгаштырып турушат. 2021-жылдын 10-декабрь күнү аталган медиа борбордо «Медиа сабаттуулук» боюнча 8-11-класстар арасында тренинг болуп өттү. Тренингди медиа борбордун жетекчиси Бакыт Кожокматов, журналисттер Азима Шакирова жана Айжаркын Эркинбек кызы өтүп беришти. Мындай тренинг буга чейин кээ бир класстарга өткөрүлүп келген. Бүгүн өтүлө элек класстарга өтүлдү.
Мектептин 9-классынын окуучусу Ислам Ренатбек уулу тренинг тууралуу мындай деди: «Мен бүгүнкү тренингде фейк маалымат тууралуу көп нерсени билдим десем болот. Медиасабаттуу болуу бул жакшы нерсе экен. Интернеттеги жалган маалыматтар психологиялык жактан терс таасирин тийгизээрин түшүндүм. Мындан ары маалыматтарды окуп эле койбостон, аны анализдеп, ой жүгүртүп анан тыянак чыгарам».

Медиаборбордун журналистти Азима Шакирова тренинг өтүүдө
Ушул эле мектептин 8-классынын окуучусу Аяна Жеңишбекова төмөнкүлөргө токтолду: «Бүгүн медиасабаттуулук боюнча тренинге катыштым. Тренингден өзүмө пайдалуу маалыматтарды алдым. Мисалы, фейк маалыматтардын түрлөрүн билдим, андан сырткары жалган маалыматтарга жана билдирүүлөргө алданбоону үйрөндүм. Жалган маалыматтар адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизет экен. Бүгүнкү сабак абдан жакты».

Тренингке катышкан окуучулар кызыгуу менен угушту

Медиаборбордун дагы бир журналистти Айжаркын Эркинбек кызы слайдка түшүндүрмө берүүдө
Салкынай Максатбекова