Кыргыз адабиятынын корифейи, дүйнөгө аты чыккан, кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 93 жашка чыкмак. Бул маараке өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринде белгиленүүдө. 13-декабрда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде жазуучунун туулган күнүнө карата чакан иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чарага 8-11-класстын окуучулары катышты. Окуучулар Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө докладдарды окушту. Андан тышкары жазуучунун «Ак кеме», «Жамиля», «Кылым карытаар бир күн» ,«Биринчи мугалим» ,«Саманчынын жолу», «Кызыл алма», «Эрте келген турналар» чыгармаларынан үзүндү аткарышып, сахналаштырган оюн коюп беришти. Ошондой эле Айтматовдун сөзүнө жазылган обондуу ырларды да аткарып беришти. Бул иш-чарага мектеп жамааты жана мектептин жетекчилери катышып өздөрүнүн баасын беришип,ой-пикирлерин айтышты. Иш-чаранын негизги максаты жаш муундарга жазуучунун чыгармалары аркылуу эли-жерин коргоого жана Мекенди сүйүүгө тарбиялоо болуп саналат.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар бир сүрөттө. Алардын ичинде Иляс, Асел, Толгонай жана кичинекей Нургазы да бар.

Окуучуларга жазуучунун чыгармаларынын негизинде сүрөт тартуу жана макет жасоо тапшырмасы да берилген.

«Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынан үзүндү

Обондуу ырлар да жаңырды
Арина Бектурсунова