Бүгүн 29-декабрда Кочкор районунун Кара-Суу айылында Айдарбек Исаковдун жаркын элесине арналган «Ордо» оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Оюнга «Кара-Суу», «Айдарбек», «Төлөк-1», жана «Төлөк-2» командалары катышты. Байге фондунун жалпы суммасы 20 миң сомду түзөт. Ага демөөрчүлүк кылган Айдарбек Исаковдун баласы Азамат Айдарбеков. Жыйынтыгында 1-орунду «Кара-Суу», 2-орунду «Төлөк-2», 3-орунду «Төлөк-1» командасы камсыз кылышты. Ал эми «Айдарбек» командасы кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту.

Азамат Айдарбеков- Айдарбек Исаковдун баласы, оюндун уюштуруучусу жана демөөрчүсү
«Бүгүн Кара- Суу айылында кыргыз элинин улуттук оюндарынын бири болгон «Ордо» оюну боюнча мелдеш өтүп жатат. Бүгүнкү оюн атам Айдарбек Исаковдун жаркын элесине арналып уюштурулду. Бул оюн жыл сайын өткөрүлүп келет, салт болуп калган десем да болот. «Ордо» оюнунун өнүгүшүнө бир аз болсо да салымымды кошуп келем. Атам учурунда ордону мыкты ойногон адам болгон. Мен да бала кезимде атамды ээрчип жүрүп ордо ойногонду үйрөнгөм. Жөн эле ойногонду үйрөнбөстөн анын тарыхын жана ойноо эрежесин кошо үйрөндүм. Чоң атам Бейшенбек да кыйын ордочу болгон экен. «Ордо» оюну улуттук оюндардын туу чокусу деп айтсам жаңылышпайм. Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максатыбыз, командаларга дем-күч берүү, «Ордо» оюнун жайылтуу жана кийинки өсүп келе жаткан жаш муундарга үйрөтүү болуп саналат».

«Ордо» оюнун атамдан үйрөнгөм

Жаштардын арасында да бул оюнга кызыккандар аз эмес

Алтынбек күчтүү оюнчулардын бири

Бүгүнкү оюнда 1-орунду камсыз кылган «Кара-Суу» командасы
Илимбек Рысбеков