Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 4-мартта өрт кырсыгын алдын алуу максатында атайын машыгуу өткөрүлдү. Машыгуу өткөрүүнүн негизги максаты мугалимдердин жана окуучулардын даярдыгын көрүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле өрт өчүрүүчү шаймандар менен тааныштыруу болуп саналат.
Аталган иш-чарага Кочкор райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана өрттү алдын алуу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, мектептин мугалимдер жамааты, техникалык кызматкерлер жана окуучулар катышты.
Полковник- Ренат Төлөнбаев
Кочкор райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы-полковник Төлөнбаев Ренат Сабырбекович буларга токтолду:
«2022-жылдын 4-мартына Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде өрт- тактикалык машыгуу белгиленген. Ошонун негизинде машыгуу өткөрдүк. Биздин башкы максатыбыз өрт кырсыгы катталган учурда мектеп жамааты жана окуучулардын кыймыл-аракетин билүү болуп эсептелет, андан сырткары мугалимдер жана окуучулар өздөрүн эрежеге ылайык алып жүрүүсүн билүү болуп саналат. Машыгуунун жүрүшүндө өрт каршы кызматынын иш-аракеттерине да баалоо жүргүзүлдү».
Мектептин 10-классынын окуучусу Эржан Жолдошбеков бүгүнкү иш-чара боюнча ой-пикирин мындайча билдирди:
«Өрт-бул тилсиз жоо.Кырсык учурунда өзүмдө кандай алып жүрүүнү билчү эмесмин. Өрт өчүрүүчү шаймандар кайсы жерде тураарын билчү эмесмин, өрт өчүргөн аспапты (огнетушитель ) колдонгонду билбейт элем. Бүгүнкү машыгуудан кийин ал нерселерди үйрөндүм. Мектепте жогорку класстын окуучуларынан түзүлгөн ыктыярдуу топ бар, алар дагы иш алып барышат. Жакынкы күндөрү мектеп жамааты дагы бир машыгууну өткөрөлү деген оюбуз бар».
Өрттүн келип чыгуусунун негизги себептери кандай деген сурообузга Кочкор райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана өрттү алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысынын орун басары-лейтенант Адилет Өмүрбек уулу жооп берди:
Адилет Өмүрбек уулу-лейтенант
«Мектепке келип машыгуу өткөрүүбүздүн негизги себеби, акыркы учурларда өзүңүздөргө маалым болгондой өрт кырсыгы абдан көп катталууда. Негизги максатыбыз өрттү алдын алуу, мектеп жамаатына өрт кырсыгы катталган учурда аны жайылтпай өчүрүп калууну үйрөтүү. Өрттүн келип чыгуусунун негизги себептери жаш балдарды кароосуз калтыруудан, ата-энелердин көңүл кош мамилесинен келип чыгат. Андан сырткары тоют чөптөрдүн өрттөнүүсү да көп катталат. Тилсиз жоо миллиондогон чыгымдардан тышкары, адам өмүрүн да алып кетет. Бир жыл ичинде райондо 43 өрт кырсыгы катталган ».
Окуучулар өрт өчүрүүдө жана өзгөчө кырдаалдарда керектелүүчү аспаптар менен таанышып, кызыкаан суроолоруна жоопторду алышты.
Акжолина Асаналиева