«Оку» долбоорунун алкагында, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган VIII Республикалык онлайн китеп окуу сынагына катталуу башталды. 2022-жылдын эсебинде өткөнү жаткан алгачкы китеп окуу сынагына каттоо 4-мартка чейин уланат. Сынак өзү 6-март күнү өтөт. Китеп окуу сынагына катышуу үчүн бул жолу кайсыл китептерди окуу керек?

Сынактын жалпы байге фонду 250 000 сом
Жалпы окурмандар үчүн: «Түпкү туюмдун күчү»
1-орун: 30 000 сом
2-орун: 20 000 сом
3-орун: 10 000 сом
4-5-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 100% жеңилдик.
6-7-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 50% жеңилдик.
8-9-10-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 30% жеңилдик.
Мугалимдер үчүн: «Сингапур билим берүү системасы»
1-орун: 30 000 сом
2-орун: 20 000 сом
3-орун: 10 000 сом
4-5-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 100% жеңилдик.
6-7-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 50% жеңилдик.
8-9-10-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 30% жеңилдик.
Мектеп окуучулары үчүн: «Саманчынын жолу»
1-орун: 20 000 сом
2-орун: 15 000 сом
3-орун: 10 000 сом
4-5-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 100% жеңилдик.
6-7-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 50% жеңилдик.
8-9-10-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 30% жеңилдик.
Катталуу жана сынак ОНЛАЙН www.oku.biz.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт.
Конкурска катталуу үчүн:
1. Конкурска катталуу үчүн биринчи сайтка катталышыңыз керек. Эгерде мурун катталган болсоңуз анда жогорудан оң жактагы «Кирүү» баскычын же болбосо сиз тандаган китептин ылдый жагындагы «Катталуу» баскычын басып жаңы ачылган баракчадан (Сайтка кирүү / катталуу) төмөндөгү түрлөрдүн кайсынысы менен катталган болсоңуз ошол түр менен сайтка кириңиз.
2. Эгерде сайтка каттала элек болсоңуз анда сайтка катталуунун үч түрү бар.
а) Facebook аркылуу. Мында фейсбукта колдонгон атыңыз менен сыр сөзүңүздү колдоносуз.
б) Гугл аркылуу. Мында дагы гугл электрондук почтаңыздагы атыңыз менен сыр сөзүңүздү колдоносуз.
в) Телефон номер аркылуу. Бул түр менен катталуу үчүн ылдыйдагы Сайтка катталуу баскычын басып, жаңы ачылган баракчадагы орундарга аты-жөнүңүздү, телефон номериңизди (Кыргызстан +996 коду менен, башка өлкөдө жашагандар өздөрү жашаган өлкөнүн коду менен) жана өзүңүз унутпай турган, 8 же андан көп символдон турган сыр сөзүңүздү жазыңыз. Бул маалыматтарды унутпай эстеп калыңыз, же бир жерге жазып алыңыз. Эгер унутуп калсаңыз уюштуруучулар жооптуу эмес.
Андан кийин «I am not robot» (мен робот эмесмин) деген жерди тандаңыз.
Ушулардын баарын туура жана толук аткаргандан кийин «Катталуу» баскычын басыңыз.
3. Жаңы ачылган «Өздүк маалыматтарым» баракчасындагы бош орундарды толтуруңуз.
Эскертүү: вотсап номериңизди коду менен толтуруңуз. Андан кийин «I am not robot» (мен робот эмесмин) деген жерди тандап «Маалыматтарды сакта» баскычын басыңыз.
4. Бул иш аткарылгандан кийин жогоруда «Маалыматтарыңыз ийгиликтүү жаңыланды» деген жазуу чыгат. Ошонун жанындагы «Улантыңыз» баскычын басып башкы бетке барыңыз.
5. Башкы беттеги сиз каттала турган китептин ылдый жагындагы «Катталуу» баскычын басып катталсаңыз болот. «Катталуу» баскычы «Катталдыңыз» болуп өзгөрөт.
6. Ушул «Катталдыңыз» деген баскыч сынактан бир күн мурун «Сынакка бар» деген баскыч болуп өзгөрүп калат. Ошого басып, белгиленген убакта сынакка кире аласыз.
7. Сайтка кайсы жол менен катталганыңызды унутпаңыз. Кийин ошол катталуу жолу менен киресиз.
8. Бир жолу каттоодон өткөндөн кийин кайра катталбаңыз. Сайтка кийинки киргениңизде ушул каттодон өткөн маалыматтар аркылуу киресиз. Катталган номериңизди (+ 996 менен) жана сыр сөзүңүздү тиешелүү жерлерге жазып, «Кирүү» деген баскычты басып кире бересиз.
Конкурстун шарттары
1. Конкурска бардык жарандар тийиштүү багытта дүйнөнүн бардык жеринен катыша алат.
2. Конкурс Кыргызстан сааты менен жүргүзүлөт.
3. Конкурска катышуучулардын жашы тийиштүү багытта болуу шарты менен чектелбейт.
4. Белектер Бишкек шаарында тапшырылат.
5. Сынактын жыйынтыгында бирдей упай топтогондор бирден көп болсо, алдыңкы орун жооп берүү убактысына жараша аныкталат. Буга ылайык туура жоопту белгилеген акыркы тандоодогу убакыт эске алынат. Эгер упай менен убакыттар бирдей болсо, анда чүчү кулак аркылуу аныкталат.
6. Конкурска катышуу үчүн сөзсүз каттоодон өтүш керек. Катталбагандар сынакка катыша албайт.
7. Конкурска катталуу oku.biz.kg сайтында жүргүзүлөт.
8. Бир киши бир канча ат менен бир канча жолу катталганга болбойт.
9. Конкурска катышуучулар өздөрүнө тийиштүү багыттагы китептин сынагына катыша алат. Сыйлыктар жеңүүчүлөргө өздүгүн тастыкталган атайын документтинин негизинде тапшырылат.
10. Өздүк маалыматтары ката, же толук эмес толтурулгандар үчүн уюштуруучулар жооптуу эмес.
11. Бардык сынактар тест түрүндө тапшырылат жана онлайн түрүндө өткөрүлөт.
12. Сынак белгиленген убакта бир жолу гана өткөрүлөт. Сынактын убактысы чектелүү.
13. Сынактар белгиленген убакытта башталат. Кечиккендер киргизилбейт.
14. Ар бир сынактын жыйынтыгы сынак өткөрүлгөн күндөн тартып 7 күндүн ичинде oku.biz.kg сайтына жарыяланат.
15. Сынактын жыйынтыгына канааттанбаган катышуучудан кайра сынак алынбайт.
16. Онлайн сынакка катышкандардын интернети үзүлүп калса, сайт аны автоматтык түрдө сынактан четтетет. Мындай техникалык мүчүлүштөргө уюштуруучулар жооптуу эмес.
17. Сайтка катталган логин менен сыр сөздү унутпаңыз. Унутуп калгандар үчүн уюштуруучулар жооптуу эмес.
***Сынакка катышуу АКЫСЫЗ!
СЫНАКТАР 2022-жыл 06-март күнү ;
🔸️»Сингапур билим берүү системасы» саат 16:00дө онлайн болот.
🔸️»Саманчынын жолу» саат 18:00дө онлайн болот.
🔸️»Түпкү туюмдун күчү» саат 20:00дө онлайн болот.
Китеп окуу сынагына беш миңден ашуун окурман катышты
Республикалык китеп окуу сынагында баш байгени жеңип алган окуучу кыз
Китеп окуп автоунаа утуп алган мугалим
Айгерим Кубатбекова