Күн сайын продуктивдүү болуу үчүн адамды башкарып, багыт берип турган кимдир бирөө керек. Бирок, учурда ал жоопкерчиликти телефондогу тиркемелер аткара алат. Убакытты башкаруу, бюджетти бөлүштүрүүдө сизге жардамчы болгон топ 5 тиркемени колдонуп көрүңүз.
Багыты: Күнүмдүк иштерди пландоо
Платформалар: iOS, Android
Күнүмдүк жашообузда эң маанилүү нерселерди дагы унутуп койгон учурлар болот. Унутчаактык көп ишти бирдей аткарган, ойлуу жүргөн адамдардагы негизги адаттардын бирине айланды. Маанилүү жолугушуулар, керектүү курстар, форумдар, дарыгерге баруу ж.б нерселерден тарта күнүмдүк иш планыңызды бул тиркемеде түзүүгө болот. Ал эми тиркемедеги коңгуроо сиз белгилеген мөөнөттө эскертип турат.
Тиркеменин дагы бир артыкчылыгы тамгаларды терүү мүмкүн болбосо, үн аркылуу жазууга болот.
Багыты: Концентрация жана убакытты башкаруу
Платформалар: iOS, Android
Pomodoro — бул ар кандай тапшырма үчүн убакытты башкаруу тиркемеси. Көпчүлүк бир жумушту кылып жатып, башка ишке алаксып кетет. Бул убакытты туура пайдалануууга терс таасирин тийгизет. Сиз китеп окуп жатып же чет тилин үйрөнүүдө ж.б ар кандай концентрацияны талап кылган жумушта бул тиркемени колдонсоңуз убактыңыз жемиштүү болот.
Колдонуу: Ар бир күндүн башында аткара турган иштериңизди тиркеменин пландоо тизмесине кошуңуз же болбосо бир күндүк эмес, жеке бир иштин дагы планын түзүүгө болот. Белгилүү бир иштин планы түзүлгөн соң, таймерди иштетиңиз. Ал адатта 25 мүнөттүк. Бул убакытта сиз белгиленген иш үстүндө кунт коюп иштейсиз. Качан гана коңгуроо кагылганда 5 мүнөт эс ала аласыз.
Багыты: Бюджетти пландоо
Платформалар: iOS, Androi
Бул тиркемени колдонгон адамдар ага “смартфондогу жеке бухгалтер” деген аталышты ыйгарышкан. Акчаны башкарууга, чыгашаларды жана кирешелерди эсептөөгө, бюджетти талдоого маанилүү тиркеме.
Тиркемеде чыгашалардын жана кирешелердин ар кандай категорияларын жана субкатегорияларын кошуу, чектөөлөрдү коюу, келечектеги чыгашаларды болжолдоо ж.б бөлүктөрү менен ыңгайлуу. Акчаңыз кайсы багыттарга сарпталып жатканын талдоо үчүн CoinKeeperди колдонуп көрүңүз.
Багыты: Масштабдуу пландаштыруу үчүн акыл-карта кызматы
Платформалар: iOS, Android
Бул тиркеме — узак мөөнөттүү долбоорлор жана иштерди жума, ай, кварталга бөлүп пландоо үчүн түзүлгөн. Колдонуучулар тиркеменин жардамы менен татаал жана көп бөлүктөн турган долбоорду оңой жана тез пландаштырууга боло тургандыгын белгилешкен. Ошондой эле сиздин планды кесиптештериңиз же досторуңузга бөлүшүүгө же бирге иштөөгө болот.
Багыты: Вузал күндөлүк
Платформа: Android
Эгер саатты караганда ошол учурда кайсы иштерди аткаруу приоритеттүү экендигин көрсөтсө абдан ыңгайлуу болмок, туурабы? Sectograph тиркемесинин түзүүчүлөрү бул мүмкүнчүлүктү аталган тиркеме аркылуу колдонууга болоорун билдирген. Тиркеме сиздин Google календардагы пландарыңызды 12 саатка бөлүп, сызыктуу тизменин ордуна графигиңиз визуалдык тегерек диаграммага айланат. Бул тиркеме маалыматты визуалдык түрдө эң жакшы кабыл алгандарга ыңгайлуу.
Психолог: Максаттарыңыздын жол картасын түзүңүз
Абдесова: “U-Репорт”платформасы жаштардын үнү боло алат
Касиет Кубанычбек кызы