Республикалык мектептер арасында футбол оюну боюнча лига оюну 2021-жылдын күз айында башталган. Бул оюндун финалдык туру 16-январь күнү жыйынтыкталды. Ал эми бул лигага «Соң-Көл» орто мектебинин окуучулары тарабынан түзүлгөн команда финалдык оюнга чейин күч сынашып келишти.
Алгач райондук тур болуп өттү. Райондук турга жалпысынан Кочкор районунан 17 команда катышкан. Алардын арасынан «Соң-Көл» командасы 4-орунга ээ болушту.
«Соң-Көл» орто мектебинин дене тарбия мугалими Азамат Райымбек уулу:
«Мен футбол боюнча маалыматты республикалык денгээлдеги мектептер лигасына жарыяланган кезде кабардар болгом. Ошондон кийин команда түздүм. Командага 8-9-10-11-класстын жакшы ойногон окуучуларын тандап алгам. Кийин онлайн каттоодон өттүк. Каттоо акысын төлөп балдарды оюнга коштум.
Балдардын ойногонуна ыраазы болдум. 17 командадан 4-орунду алышты. Негизинен 2,3 оюнда 11-класстын окуучулары шаарда ЖРТга даярдоо курстарына кеткендиктен, 4-орун болуп калдык. Эгерде команда толук болгондо 2-3-орунду алмакбыз деп ойлойм», -дейт.
«Соң-Көл» орто мектебинин 11-класстын окуучусу жана «Соң-Көл» курама командасынын капитаны Малик Абдымамытов:
«Биз үчүн оюн жеңил эле болду. Бирок И. Арабаев орто мектебинин командасы менен беттешкенде кыйналдык себеби, ал команда аябай күчтүү болчу. Жеңишке дагы ошол команда жетти. Алар эми Нарын облусунда облусттук турду ойношот. Биз жалпысынан 6 жолу утуп, 3 жолу жеңилдик», -дейт.
Айпери Марлес кызы