Кыргызстанда бала тарбиялоо, алардын менталдык жана физикалык өнүгүүсүнө багытталган “Беббо” тиркемеси ата-энелер үчүн сунушталып келет. Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова тиркеменин бала тарбиялоодо артыкчылыгы тууралуу маалымат берди.
Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова
Өлкөдө буга чейин электрондук материалдар, мобилдик тиркемелер бир нече багытта, бирок кыска болуп жарык көрүп баштаган. Буга чейин “Бала тили – бал”, “Керемет көч” ж.б ресурстар бар болчу. Бирок, комплекстүү түрдө эмес эле. Атайын балдарга арналган программа алгачкы жолу уюштурулуп, “Беббо” мобилдик платформасы иштеп жатат.
ЮНИСЕФтин колдоосу менен Борбордук Азия жана Европа мамлекеттеринин арасынан 11 мамлекет тандалды. Тиркеме биринчи жолу Өзбекстанда 2020-жылы ишке кирсе, Кыргызстан экинчилерден болуп бул тиркемени ишке киргизди. Ушул жылы Румыния, Бельгия өлкөлөрү дагы колдонуп баштайт.
Бала төрөлгөндөн тарта бир жашка чейин кандай өнүгөт? Аны кайсы эмдөөлөрдөн өткөрүү керек? Кандай салмакка ээ болуусу керек? Бала көз-карашы менен эмнени билдире алат деген суроолорго тиркемедеги материалдар аркылуу жооп алууга болот. Ымыркайдын жарыкка келген алгачкы күнүнөн тарта 7 жаш куракка чейин өнүгүүсүнө багытталган түрдүү материалдар, оюндар, кызыктуу сунуштар, эксперттердин кеңештери камтылган.
Сүрөт ачык булактардан алынды
Бул өзгөчө колдонмо. Анткени, ата-энелер баласы жарыкка келгенден тарта аң сезими, акыл – эси, социалдык, эмоционалдык өнүгүүсүнө тиркеменин жардамы менен байкоо сала алат.Ошол эле учурда ата-энелерге эксперттер тарабынан аныкталып, далилденген сунуштар берилген. Тиркемеде абдан чоң көлөмдөгү материалдар камтылган. Бир нече эл аралык изилдөөлөр кыргыз, орус тилдерине которулган. Ошол эле учурда программа жергиликтүү менталитетке адаптацияланган. Мындан тышкары мектепке чейинки балдарга билим, тарбия бере турчу Кыргызстанда иштелип чыккан материалдар дагы тиркелген.
Тиркемени колдонуучу үчүн эркин жана акысыз негизде иштелип чыккан. Play Market же App Store аркылуу телефонго орнотууга болот. Жүктөгөн соң, баланын туулган жылы, айы, күнү өңдүү маалыматтарын киргизет. Эмне үчүн дегенде, көптөгөн маалыматтар ичинен ата-энеге баланын жаш курагына гана тийиштүү материалдар чыгат жана баланын профили пайда болот. Ал эми бир нече баласы бар ата-энелер үчүн дагы бир канча профиль ачууга болот. Күндөлүк сыяктуу баланын алган эмдөөлөрүн, боюнун өсүүсүн ж.б маалыматтарды дагы жазып турууга болот.
Бул маалыматтар жабык түрдөгү маалыматтар. Профилин толтурууда аты-жөнү жана туулган жылы, айы, күнү жазылат. Балдардын өздүгүнө тийиштүү маалыматта сыртка берилбейт, тиркеменин ичинде сакталат. Ал эми ачык берилчү маалымат катары жалпысынан тиркемени канча адам колдонуп жаткандыгы, тигил же бул оюнду канча бала ойноп жаткандыгы гана айтылат.
Касиет Кубанычбек кызы