Ордо оюну кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири болуп эсептелет. Кочкор районунун жана Ат- Башы районунун оюнчуларынын ортосунда ордо оюну боюнча мелдеш болуп өттү.


Ордо — кыргыздын кылымдан кылымга, муундан муунга өтүп келген, коом ичинде жайылтылган оюн. Эң негизги оюндун максаты адамда жоокердик тактиканы үйрөткөн акыл оюну. «Манас» эпосунда ордо оюну боюнча кеңири берилген маалыматка таянсак Айкөл Манас атабыз чоң казатка аттанып жаткан учурда 40 чоросу экиге бөлүнүп ордо атышкан жери баяндалган.

Эң негизгиси ордо оюну ден-соолук үчүн абдан пайдалуу экенин Төлөк айылынын тургуну Каныбек Жакыпбеков айтып берди:
«Бүгүн 17- февраль күнү Кочкор жергесинде 7 команда чогулуп ордо оюну боюнча мелдеш өткөрүп жатабыз. Айтып кетчү нерсе биздин райондо ордо оюнуна мурун Таалайбек Курткаев колдоо көрсөтүп, мелдештерди уюштуруп турчу, азыр «Таалайбек Курткаев» фонду тарабынан уюштурулган ордо оюндарды Майрам Байтерекова улантып жатат.
Бүгүнкү мелдеште Ат-Башы районунан келген команда конокко келишип, кызыктуу оюн болуп жатат.

Өзүм болсо 2000-жылдан бери ордо оюнуна кызыгып ойноп жүрөм, анткени бул керемет оюн чарчаганды жазып, кан тамыр, жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, денени ийилчек кылуу менен 300 гө жакын булчуңду чыңдап, муундардын иштөөсүн жакшыртып, адамдын ойло жөндөмүн арттырат.

Абалак
Эми ордо оюнунун эрежелери жөнүндө айтып кетсем, сөзсүз тапталган түз жер болушу керек. Ордо оюнуна диаметри 14 метр болгон тегерек чийилет. Ордонун борборунун жыдымасына» кан» салышат.
Анын айланасында бир оюнчуга бештен эсептелип, тегерек формада бөгүнөн чүкөлөр түзүлөт. Эгерде мелдешке 20 киши катышса, анда ордого 98 чүкө жана «кан» салынууга тийиш. Анткени «кан» эки чүкө болуп саналат. Ордону абалак менен атышат, ал тоо текенин мүйүзүнөн узундугу 8 см, туурасы 6см, калыңдыгы 2,5см болуп жасалат. Ордону абалак менен Ысык-Көл, Чүй, Нарын өрөөнүндө колдонушат».
Темирбек кызы Адеми