«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунда окуучулар үчүн робототехника курсу ачылды. Бул курста окуучулар ойлоп табуучулук менен бирге программалоо тилдерин өздөштүрүшөт.
Курс жумасына эки жолудан өтүлүп, жогорку класстардын окуучулары программалоо тилдеринде иштешсе, 5,6-класстар алгоритмдерди түзүүнү үйрөнүшүүдө.
Курсту медиа борбордун жетекчиси Акылай Алмазбекова жана математика сабагынын мугалими Медина Молдалиева жетектеп келишет.
Медина Молдалиева окуучуларды Ардуино комплектиси менен тааныштыруу учуру
Окуучулар телефон менен башкарылуучу унаанын тетиктерин чогултушууда
5-класстардын окуучулары унаанын тетиктерин чогултуп жаткан учуру
Акылай Алмазбекова окуучуларга диоддор менен иштөө жана алардын программасын Ардуино түзүлүшүнө жүктөөнү көрсөтүп жатат
С++ программалоо тилинде түзүлгөн программанын негизинде диоддордун иштөөсү
Кудайбергенов Мирбектин алгачкы иши. Ал кнопка менен башкарып, жарыктык берүүчү түзүлүш курап чыкты
«Азыркы учурда бардык эле түзүлүштөр программалоонун негизинде иштеп калды. Биз колдонуп жүргөн турмуш тиричилик буюмдарынын көпчүлүгү кандайдыр бир программанын негизинде түзүлүп жаткандыгын көп байкадым. Өзүм да ойлоп табуучулукка аябай кызыгам. Ал эми программа түзгөндү үйрөнүп алсам, өзүм кураган түзүлүштү каалангай иштете алам»,-дейт Мирбек Кудайбергенов.
Даниэл Эркинбеков С++ программалоо тилинде түзүп келген программасын текшерип жаткан учур
«Азыркы учурда робототехника жана IT тармактары абдан актуалдуу болуп жатат. Мен өзүм да программист болууну каалайм. Азыртадан программалоо тилдерин өздөштүрүүгө аракет кылып жатам»,-дейт Даниэл Эркинбеков.
«Усупбекстан» жаматтык мультимедиа борборунда окуучулар мындан сырткары журналистика, алып баруучулук, программалоо тилдери (программист), компьютердик технологиялар боюнча да билим алып келишет.
Окуучулар «Манас» эпосун илимдер менен байланышын изилдешет
Акылай Алмазбекова