Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн 3-этабынан биринчи кезекте дарыгерлер жана мед айымдар өтүштү. Себеби бул адамдар көпчүлүк менен иштегендиктен, эмдөөдөн өтүүсү зарыл.
Жалпы эле Суусамыр айыл аймагы боюнча эмдөөдөн өткөн жарандардын саны тууралуу Суусамыр айылдык оорукананын дарыгери Дилдекан Кулукеевага кайрылдык.
“Биздин айылда жалпы эмдөөдөн өткөн жарандардын саны учурда 1500 ге жакындап калды. Ал эми эмдөөнүн 3-дозасын биздеги медицина кызматкерлери гана алып жатышат. Жөнөкөй жарандардан дагы бир-эки алгандар бар. Мугалимдерден дагы алып жатышат. Учурда 11 адам эмдөөнүн 3-дозасын алышты. Биздин ооруканада учурда синофарм вакцинасы гана сайылып жатат. Ал эми каалочулар вакцинанын башка түрлөрүн райондук ооруканадан барып алса болот. Азыркы учурда дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эмдөөдөн өтүү вирусту алдын алуунун бирден бир натыйжалуу жолу”,-дейт дарыгер.
Ал эми ушул оорукананын медайымы Мээрим Кошкороева эмдөө абдан маанилүү экендигин билдирди:
“Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн бардык дозасын өз убагында алдым. 3-дозаны алганыма 10 күн болду. Вакцинаны алгандан кийин өзүмдү жакшы сездим, эч кандай терс таасири болгон жок. Вакцина биздин организмге иммунитет пайда кылат. Интернетте ар кандай туура эмес маалыматтар болуп жарандар кооптонуп келишет. Буларга ишенбеңиздер демекчимин. Ар бир жаран вакцина алууга милдеттүү деп ойлойм. Өзгөчө биздин кызматкерлер 100% эмдөөдөн өтүшүбүз керек. Эмдөөдөн өтө элек жарандарды сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүүгө чакырат элем”.
Азиза Тамчиева