Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталь постковиддик бейтаптарда бир катар нейрохирургиялык ооруларды операциялык дарылоо үчүн уникалдуу жабдууларды алды. Ал Дүйнөлүк банк каржылаган «COVID-19 ыкчам жооп кайтаруу» долбоору тарабынан сатып алынган. Аталган долбоор туурасында Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев айтып берет.
Улуттук госпиталга Жаңы нейрохирургиялык жабдуулар алынып келиниптир. Бул кандай муктаждыктардан улам келип чыкты?
-Адам баласына өмүр бир эле келет. Кудай дагы айтат сактансаң сактайм деп. Пандемия саламаттык сактоонун алсыз жактарын көрсөтүп койду. Көп жоготууларга учуруп калдык. Тилекке каршы качан чыгымга учуруганда гана көңүл буруп калбасак жакшы болмок. Ошенсе дагы, «COVID-19 ыкчам жооп кайтаруу» долбоору туура бөлүшүрүлүп иштеди десем болот. Биздин улуттук госпиталь кыргызстандагы эң чоң оорукана 1105 орун (керебет), 5 жогорку окуу жайдын клиникалык базасы, ал жакта жалаң гана кесипкөй адистер академиктер, профессорлор бардыгы ошол жерде бирок, жабдууларга абдан муктаж экенбиз. Биз оорулууга сапаттуу жардам бериш үчүн сөзсүз техникалык жабдуулар зарыл.
Ковид деген бул 1965-жылы эле изилденген себеби бул аденовирустук инфекция бул биздин жаныбызда жүргөн кийинчерек гана мутация болуп өзгөрүп кетти. Ал адам баласынын кандагы бузулууларына алып келип ал жактан тромбду пайда кылды андан өпкөнү жабыркатып зыяндар болуп калды. Бул жалгыз эле өпкө эмес мээге дагы кетет, бөйрөк, жүрөк, ашказан бардык жерге таасирин тийгизет. Мындан улам өзгөчө өнөкөт оорусу барларга зыян болуп калды.
Бул долбоор бир гана улуттук госпиталга эмес бүтүндөй өлкөгө жардам берди. Убагында жетишпеген коргоочу каражаттарды, дары-дармектерди, абалы начар ооруканалардын оңдоп түзөө жумуштарына колдоо көрсөтүштү.
Жаңы алынып келинген жабдуулар кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?
— Коронавирус инфекциясына кабылып өткөн бейтаптар арасында неврологиялык оорулардын кескин өсүшү байкалууда. Бул апарат бүгүнкү күндө ковидден улам пайда болгон түрдүү ооруларды тромбдорду операция учурунда эндоскопияны колдонуу менен баш сөөктү тешүү талап кылынбайт. Кирүү баш сөөктүн кичинекей тешиктери аркылуу ишке ашат, ал эми кээ бир операциялар мурун аркылуу кирүү менен да жасалат.Мына учурда ковид деле аяктап калды бирок, дагы деле кайсыл тарапкка өзгөрүп кетет белгисиз. Ковид-19 калтырып кеткен из канчага чейин уланат белгисиз.
Кандай бейтаптар кайрыла алат, кандай белгилер коштолсо сиздерге кайрылуу зарыл?
Ар бир адам өзүнүн ден-соолугу үчүн кам көрүүсү керек. Ден-табы көтөрүлүп жатса өлчөп туруш керек, кан басым көтөрүлгөнүнө байкоо салып туруу дагы маанилүү. Учурда инсульт жашарды, мурда 60 жаштан жогорку адамдар гана ооруса учурда 20жаштан жогоркулар деле ооруп калып жатышат. Бизде көп учурда кан басым жогорулап кеткение маани бербей жүрө беришет. Жогорку кан басым менен жүрө бергендер ага көнүп калып качан гана инсульт болуп калганда билишет. Ошондуктан убагы менен үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып көзөмөлдөн өтүп туруусу зарыл.
Оорунун жуктургандардын саны азайып жатат. Мына бугун 46 бейтапта гана ковид аныкталган. Ошентсе дагы 3 адам каза болуптур деги эле бул сан 3-5 адамга чейин катталууда. Эмне үчүн дагы деле өлүм учурлары катталып жатат?
-Бүгүнкү күндө биз бул ооруну абдан бир көңүл борборуна алып алдык. Учурда суицид же андан башка түрдүү оорулардан канча деген адам ооруп жатат аны караган эске алган киши жок. Негизинен адам баласында түрдүү өнөкөт оорулары кездешип калат ошолор ковид менен ооруп калганда мурдакы ооруларды козгоп кетип жатты.
Айгерим Кубатбекова