Төлөк айылына Карата-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан көчөттөр алынып келинди. Мектепке, айыл өкмөткө, бала бакчага жана мечитке бөлүнүп берилди. Бул акция жер жерлерди жашылдандыруу максатында уюштурулган.
Көчөттөрдү отургузуга «Соң-Көл» орто мектебинин мектеп жамааты жана окуучулар жардам беришти. Бул акция окуучулар үчүн да маанилүү.
Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкери Каниет Исманов:
«Буга чейин көчөттөр Нарын облусунун башка айылдарына келип турган. » Бир адамдан бир көчөт акциясы» быйыл Төлөк айылына келди. Себеби «Соң-Көл» орто мектебинин мугалимдери Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругуна кайрылуу кат жолдогон. Ошонун негизинде келип отурат. Максатты жер-жерлерди жашылдандыруу болуп саналат. Бул акцияны жылда өткөргөнгө аракет кылабыз.
Төлөк айылына 100 мырза терек, 20 мажүрүм тал, 4 кара-карагай бөлүнүп алынып келинди. Төлөк айылынан кайра мекемелерге бөлүнүп берилди»,- дейт.

Көчөттөрдү мектеп алдына отургузууда

Мектеп окуучулары жашылдандурууга колунан келген жардамдарын көрсөттүштү

Мектеп директору Адылбек Назаров
Мектеп директору Адылбек Назаров:
«Биз мектеп жамааты менен биригип, Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругуна «Бир адамдан бир көчөт акциясын» улантуу максаттында кат жолдогонбуз. Мына ошонун негизинде бүгүн көчөттөр алынып келинди. Алынып келинген көчөттөрдүн арасынан бизге 100 мырза теректин ичинен 30 даана, мажүрүм талдан 10, кара карагайдан 4 даана берилди. Көчөттөрдү мектеп жамаатты жана мектеп окуучулары менен биргеликте отургуздук», -дейт.

Акциянын активдүү катышуучусу Улан Асанбеков
11-класттын окуучусу Улан Асанбеков: «Бул акция айылды көрктөндүрүп, жашылдандыруусуна чоң жардамын берип жатат. Көчөттөр өскөндө айыл ичи көрккө бөлөнөт деп ишенем. Акциянын уюштуруучуларына чоң ырахмат. Бул акция дагы улануусун каалайм»,- дейт.
Айпери Марлес кызы