Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду ФРН” аркылуу 3 айлык кыска курстун, повар- кондитер курнсунун бүтүрүүчүлөрү курсту аяктап, жыйынтыктоочу сынактарын тапшырышууда.

Өндүрүштүк окуу жүрүп жатат.

№15 кесиптик лицейинин повар-кондитер устаты Нурийли Акматова.
Нурийла Акматова:
«Биз жакында «ФРН» фондунун жардамы аркылуу 3 айлык акы төлөөнүүчү кыска курсун ачып окуттук, курстун 70 пайызын ФРН фонду камсыздады, калган 30 пайызын окуучулар төлөштү. Окуу учурунда өз кесибин сүйгөн окуучулар тандалган, алар теориялык билим алып, андан сырткары практика жүзүндө да үйрөнө алышты. 26- майда бүтүрүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырышты. Азыркы учурда сертификаттарын тапшырууга камынып турабыз. Өз жумуш орундары менен камсыз болгон окуучуларыбыз да бар. 3 айлык курсту окугандыгы үчүн Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин атынан сертификаттар берилет.»

Повар-кондитер устаты Мира Какеева.
Мира Каеева:
«17- февралда повар- кондитер 3 айлык кыска курсун ачканбыз. Окуучуларыбыз көбүнчө практика жүзүндө үйрөнүштү. Май айынын 17 синде окуу аяктады, 26- майда бүтүрүү экзамендерин тапшырышты. Экзамендеги жетишкендиктери абдан жакшы болду. Көбүнчө окуучуларыбыз практика өтөгөн жерине жумушка орношушту. Бала- бакчада, мектептердеги ашканаларда, кафелерде жумуш орундары бар окуучуларыбыз да бар. Окутуунун максаты жумуш менен камсыз болуу, ушул максатта окуучуларыбыз алган сертификаттары менен чоң жумуш орундарына ээ болобуз деп турушат.»

Практика учурунан.

Экзамен учурунан.

Экзамен тапшыруу учурунан бир элес.

3 айлык курстун бүтүрүүчүлөрү.
Курсту ачып, окутуунун максаты жумушсуз жарандарды жана ошондой эле жогорку билим ала албай калган 30 жаштан жогорку кыз- келиндерди жумуш орду менен камсыз кылуу.
Төлөн Токтосунова, Медина Турдубекова