Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” аркылуу 3 айлык кыска курстун мал доктур курсунун бүтүрүүчүлөрү курсту аяктап квалификациялык экзамендерин тапшырышты.
Мал доктур устаты Жыпар Абылова
Экзамен тапшыруу учурунда.
Жыпар Абылова:
«Быйылкы 2021-2022 окуу жылында 3 айлык ФРН фондунун жардам аркылуу кыска курс ачылган. 27- февралда 12 окуучу кабыл алганбыз. 27 апрелге чейин сабактын теориясы өттүлдү, 24 майда өндүрүштүк сабак бүттү. 26 майда окуучуларыбыз экзамендерин ийгиликтүү тапшырышты. Экзамендин төрагасы Өскөнбек Исаков
№ 15 кесиптик директору Улан Бердибек улуу, окуу бөлүмүн башчысы Калиман Тайсалиева, башкы эсепчи Бактыгүл Байбосунова болуп биргеликте экзамен алышты. Экзаменде окуучулар жакшы жооп беришип чоң жетишкендиктерге ээ болушту.Алган сертификаттары жумуш орду менен камсыз болууга чоң жардамын тийгизет деген ойдобуз.»
Өндүрүштүк окуу учуру.
Курсту ачып, окутуунун максаты жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу болгон.
Медина Турдубекова, Төлөн Токтосунова