Т.Кулатов айыл өкмөтүндө экологияны коргоо, таза сактоо максатында социалдык мекемелерде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликти Кулатов айылынын өкмөт башчысы уюштуруп, айыл өкмөттө иштеген кызматкерлер ишембиликке чыгышты.

Отургучтарды боёоп жаткан учур

Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов
«Бүгүн Кулатов айыл өкмөтүндө социалдык мекемелерде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке жалпы айыл өкмөттө иштеген жумушчулар катышты. Бул демилгени айлана чөйрөнү тазалоо, экологияны коргоо, айыл тургундарын тазалыкка чакыруу максатында уюштурулду. Быйылкы жылы экологияны коргоо максатында ар бир айылга атайы желимче бөтөлкөлөрдү салуучу урналарды орнотулду».

Гүлдөрдүн астын жумшартып жаткан учур

Иштеп жаткан учур
Чынара Көчкөнбаева