Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин өсүмдүк өстүрүүчү (фермер) группасынын студенти Орозобек Салмоорбеков, өзүнүн чоң күнөсканасын Кочкор районунун Кара-Суу айылына салды.
Орозобек Салмоорбеков:
“Мен өзүбүздүн курган күнөскананы тааныштырып өтсөм, биз гидропоника технологиясын колдонобуз, бул технологияда топурак колдонулбайт. Мунун артыкчылыктары өсүмдүктүн бат тамыр алышы, отоо чөптөрдүн чыкпашы, топурактагы зыянкеч патогендердин болбошу жана жылуулук менен нымдуулуктун жакшы сакталышы.
Кулпунайдын түрү “Альбион” биринчи сорт, атайын сертификат менен Түркиядан алдырып келдик. Сугарганын атайын түтүкчө менен сугарабыз, тамчылатма (подкорень) аркылуу. Ал сууну түз өсүмдүктүн тамырына куят, ал эми үстүнөн тамчылатып койсо күн ысыкта суу тамырына жеткенче кургап калышы мүмкүн, ошондуктан биз ушул ыкманы тандап алдык. Бул технологияда пестицид менен гербицидтер колдонулбайт, мындайча айтканда таза экологиялык азыктар алынат деп айта алам. Күнөскананын аянты болсо 480 чарчы метр, ушунун ичинин баарында кулпунай өстүрүлөт”.
Бегайым Сагынбекова:
“Орозобек биздин лицейдин студенти, 2021-жылдын сентябрь айында 10 айлык курстун өсүмдүк өстүрүүчү (фермер) группасына кабыл алганбыз. Күнөскананы кантип салат, өсүмдүктөрдү кантип өстүрүп багуу керек, булардын баарын бир жыл бою окуп жана практика жүзүндө үйрөнүп чыкты. Өзүнө керектүү тажрыйбаны топтогон соң, өзүнүн чоң күнөсканасын курууга үлгүрдү. Азыркы учурда жаңы ыкма менен гидропоника технологиясын колдонууда. Бул технология бир кыйла оңой жана ошол эле учурда тез убакыттын ичинде мөмө-жемиш алууга ыңгайлаштырылган”.
Кочкор районунда биринчилерден болуп чоң күнөскана салып, жаңы ыкманы колдонгондордун бири, №15 кесиптик лицейинин студенти Орозобек Салмоорбеков болду.
Төлөн Токтосуновa