Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин кореялык KOIKA уюму тарабынан айыл чарбанын келечеги үчүн күнөскана курулуп бүтүп, колдонууга берилди. 2024-жылдын 16-май күнү салтанаттуу ачылыш аземи болду. Иш-чарага келечектеги «Эл чарбасы технологиясы» деген долбоордун негизинде салынды.
Күнөскананын аянты 240 чарчы метрди түзүп, бардык талаптарга жооп бергендей курулду. Бул долбоордун баасы болжол менен 20 миң долларга жакын аяктады. Долбоордун негизги максаты балдардын ысык тамагына колдоно турган жер- жемиштерди өстүрүү.
Азыркы учурда күнөсканада помидор жана бадыраңдын уруктары себилип, жайында түшүм алуу пландалып жатат. Мындан тышкары, мектеп окуучуларынын айыл чарбага жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, айыл чарба технологиялары билимин бекемдөө планда бар экенин мектептин директордун милдетин аткаруучусу Гүлшаза Жалгашбекова белгилеп кетти.
Кыргызстандагы KOIKA уюмунан келген өкүлдөрү жана коноктор күнөскана менен таанышуу учуру
KOIKA уюмунун кореялык волонтеру Чжан Сонг Ук күнөскана үчүн өзүнүн ишин туура жана так аткарып, мектеп менен дайыма биргеликте иш алып барып, окуучуларга жер-жемиштерди өстүрүүдө өзүнүн билими менен бөлүшүп өстүрүү жолдорун үйрөттү.
Кореялык волонтер Чжан Сонг Ук окуучуларга практикалык иш үстүндө
Бүгүнкү иш-чарага Кыргызстандагы Кореянын KOIKA өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Соен айым, Кочкор районунун акимдин орун басары Бермет Абдырахманова, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Турсуналиев, Ормон Хан айылдык кеңешинин төрагасы Сагынбек уулу Алтынбек , «Кочкор биримдиги» коомунун төрагасы Нурбек уулу Ормон жана башка коноктор катышышты.
Кыргызстандагы KOIKA уюмунун өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү
Ачылыш аземинин жыйынтыгында күнөскананын курулушуна салым кошкон инсандарга мектептин ыраазычылык каты ыйгарылды.
Канайым Мирланова