Токтогул районунда, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында жыйын өттү. Ички иштер кызматкерлер тарабынан, ата-энелерге, окуучуларга, мугалимдерге окуучулардын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте, көзөмөлгө алынары айтылып эскертилди. Токтогул райондук прокуратурасы бул иш-чаранын өтүшүн демилгелеп, райондо жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу, 25-май акыркы коңгуроо иш-чарасын өткөрүү ж.б. бир катар маселелер каралды.
Жыйынга Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов, башчы-акимдин орун басары Айна Нават кызы жана шаардык прокурордун улук жардамчысы А. Жакыпов, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ата-энелер катышты.
«2023-2024-окуу жылында Токтогул районунда 11-классты 1057 окуучу, 9-классты 1933 окуучу бүтүрүүдө. Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча,мугалимдерге жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 25-май “Акыркы коңгуроо” салтанатына даярдыктар жүрүп жатат”,- деди райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева.
Азема Кудуева