Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Мирбек Нур” коомдук уюмунун жетекчиси Алмаз Раевдин демилгеси менен Анара Момунова жана Асел Дуңганаева болуп “Лидерлик жана Эдвокаси” аталышында тренинг өткөрүштү.

«Мирбек Нур» коомдук уюмунун жетекчиси Алмаз Раев тренингдин ачылышын жасады

Тренингдин ачылышында Анара Момунова долбоорду тааныштырып өттү

Тренинг учуру

Асел Дуңганаева
Асел Дуңганаева:
«Биз жергиликтүү деңгээлдеги «Эдвокаси жана лидерлик» боюнча тренинг өткөрдүк. Тренингдин максаты, бадалдуу токойлорду сактоо алкагында коомдун аракети менен ар тараптуу иш- чараларды эдвокаси алкагында өткөрүү жана катышуучулардын лидерлик сапатын жогорулатуу. Тренинг учурунда эң негизги эки көйгөй аныкталды: бадалдуу токойлордун кыскарышы, таза суунун жетишпестиги. Тренингге катышкан айылдын тургундары өз пикирлерин ортого салышып, эдвокасинин жардамы менен биргеликте келечекке болгон пландарды иштеп чыгышты.»

Көйгөйлөрдү аныктоо учуру

Катышуучулар көйгөйлөрдү аныктап айтып беришти

Көйгөйлөрдү иштеп чыгып, планын тааныштыруу учурунан

Тренингдин соңунда ар бир катышуучусу өз пикирлерин, көз караштарын айтышты
Тренингге Арсы жана Кара-Тоо айылдарынан аялдар, жарандык активисттер, мугалимдер жана №15 кесиптик лицейинин медиа борборундагы жаш журналисттер катышты.
Төлөн Токтосунова, Медина Турдубекова