Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын жашоочусу Гүлжан Касмалиева 30 жылга жакын убакыттан бери туристтерди тосуп келет. Анын негизги киреше булагы туризмден түшөт. Мындан сырткары ал кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган буюмдарын келген туристтер жакшы баада сатып алышат.
Пандемиядан кийин Кыргызстанга келген туристтердин саны кайрадан көбөйдү. Алардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнөн келишет. Чет элдик туристтердин келиши өлкөбүздүн экономикасына бир топ салымын кошот.
Илимбек Рысбеков, Акжолина Асаналиева