Кызыл-Кум көлмөсү — Токтогул районунун тургундары жана коноктору үчүн белгилүү эс алуу жайы болуп эсептелет. Бул жер — Токтогул суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жана айлана-чөйрөсүнүн табигый кооздугу, тынчтыгы менен айырмаланат.

Эл арасында «Токтогул ГЭСинин көлмөсү» деп да аталат. ГЭС үчүн курулган бул суу сактагыч учурда сугат, энергетика жана эс алуу максаттарында колдонулуп келет. Кызыл-Кум жээгинде жайгашкандыктан, эл бул жерди купулуна толгон жай катары баалап, жай мезгилинде келип сууга түшүп, эс алып кетишет.

Бул көлмөдө сууга түшүүгө ыңгайлуу жээктер, кумдуу аянттар бар. Жергиликтүү жашоочулар үчүн бул жай — табигый суунун, таза абанын, тынчтыктын символу. Эс алуучулар үчүн чатыр тигип, пикник уюштуруу же үй-бүлө менен чогуу убакыт өткөрүү үчүн эң жакшы шарттар түзүлгөн.

«Мен, досум экөөбүз Кызыл-Кум эс алуу жайында элге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бул ишти баштадык. Жайкы эс алуу сезонуна ылайыктап, келгендерге ыңгайлуу болуусу үчүн ар түрдүү жабдууларды алып келдик. Анын ичинде кайык, балдар үчүн катамарандар, баллондор жана сапборд (SUP-доскалар) бар. Кудай буюрса, алдыда дагы жакшы пландарыбыз бар. Учурда эс алуучулар үчүн кийинип-чечинүүчү жайлар, тапчандар жана санитардык шарттарга ылайык дааратканалар да орнотулган. Элге жагымдуу, коопсуз жана таза эс алуу чөйрөсүн түзүү биздин негизги максатыбыз. Бул багытта дагы иштеп, Кызыл-Кумду туризмге ылайыктуу жайлардын бири катары өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз» дейт Ак-Тектир айылынын тургуну Алыбеков Таалай.

Кызыл-Кум — Токтогулдун сыймыгы, табигый сулуулукту сүйгөндөр үчүн керемет жер.

Даярдаган: Азема Кудуева.