Кыргыз элинин мурасы болгон кыргыз жылкысынын тарыхы терең жана кызыктуу. Улуттук илимдер академиясынын илимий ага кызматкери, кыргыз жылкысын изилдөөчү Болот Токтосунов менен болгон түз эфирдеги интервьюда бул малдын пайда болушу, бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу маанилүү маалыматтар айтылды. Токтосуновдун айтымында, кыргыз жылкысы 4000 жылдан ашуун тарыхка ээ жана анын сакталышы улуттук милдет.
Тарыхы жана пайда болушу
Кыргыз жылкысынын тамыры тереңде. Болот Токтосуновдун сөзү боюнча, «Кыргыз жылкысы кыргыздар үйрөтүп минген учурга байланыштуу. Азыркы убакытка чейин 4000 жылдан ашык болду». Ал илимий изилдөөлөргө таянып, Бернштам, Аристов сыяктуу окумуштуулардын жазууларын мисал келтирет. «Түпкү теги Турпан жылкысынан тараган деп аталат да. Биринчи жапайы түрүндө эт катары колдонушкан. Кийин анан үйрөтүшкөн да», – дейт изилдөөчү. Дүйнөдө 400дөн ашуун жылкы породалары бар экенин айтып, кыргыз жылкысынын абориген түрүндө сейрек кездешээрин белгилейт. «Тарых боюнча келегенде жылкынын эволюциясы 70 млн жыл деп аталат. Өзүнүн кыргыз жылкысы 4000 жыл деп ушул доорго чейин келет».
Бүгүнкү күндө кыргыз жылкысынын саны 3000ден ашпайт жана жоголуу коркунучунда турат. «Класификациянын негизинде бул зона рискада турган, жоголуп кетчү группада турган мал. Буга жакшы көңүл бурулбаса жакын арада эле жоголуп кетчү мал», – деп коңгуроо кагат Токтосунов. Кыргызстанда 500 миңден ашуун жылкы бар болсо да, алардын көбү аргындаштырылган. «Союз 70 жыл кыргыз жылкынын жогото албаган биз азыр 30 жылда эле жоготуп атабыз. Себеби өзүм дегенде өгүз болот экенбиз да».

Өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары
Кыргыз жылкысынын өзгөчөлүктөрү анын тоолуу климатка ылайыкташкандыгында. Изилдөөчү Семён Михайлович Будённыйнын сөзүн келтирип, «Кыргыз жылкынын свойствасы заслуживает высокой оценки и подлежит сохранению культивирования» деп айтат. Советтик окумуштуулар да аны «исключительная борная лощадь» деп баалашкан. «Өзгөчөлүгү, эң эле биринчиси бул тоолу жылкы биздин климатка ылайык. Бизде азыр аба ырайы өзгөрүп аткан мезгил, жайыттар өзгөрүп аткан мезгилде кыргыз элине кыргыз жылкыдан башка мал чыдабайт», – дейт Токтосунов.
Малдын физикалык өзгөчөлүктөрү да кызыктуу: бээлеринин 30%ы азуу саят, моюну ылдый караган, көбү кара түстүү жана жорго басууга жөндөмдүү. «Кыргыз жылкы жапайы формасына жакын мал. Эт-сүт багытында да артыкчылыктары бар. «100 бээден 90 кулун алынат. Кыргыз жылкысы сүт берген мөөнөтүндө орточо 1962 л сүт берет. Кыргыз жылкынын 100г эти башка породанын 150г этине барабар». Ал жайытка аз зыян келтирет, бийик тоолордо чыдайт жана ич майын сактап, кышты оңой өткөрөт.
Генетикалык жактан да баалуу. «Кыргыз жылкынын көзүнүн кара болушуна 7,8 олен рол ойнойт. Башка породада 3 же 4 эле олен бар. Ошон үчүн эттин составында канчалык ген күчтүү болсо ошончолук кыргыз жылкы суукка да, ооруга да туруштук берет». Жорго басууну аныктаган ДМТ ген да кыргыз жылкысында күчтүү.

Жоголуу коркунучу жана сактоо аракеттери
Көпчүлүк малчылар кыргыз жылкысынын артыкчылыктарын сезип жатышат. «Азыр көпчүлүк малчылар ушуну сезип калды. Башка мал алып келип ал чыдабай, ооруп өлүп атса жок кыргыз жылкы багыш керек экен депчи», – дейт Токтосунов. Бирок маалыматтын жоктугу жана аргындаштыруу жоголууга себеп болууда. Азыр 40тан ашуун фермерден турган топ бар, бирок мамлекеттик колдоо зарыл. «Биз ошо малды сактап калганга мамлекеттик программа керек да. Мамлекеттик көзөмөл керек да».
ИСУР уюмунун долбоору аркылуу Нарын жана Ысык-Көлдө изилдөөлөр жүрдү. «Ошонун ичинен 250 жылкыны асыл тукум баалуулугу боюнча кыргыз жылкы деп чыгардык». Глобал Грин Грант долбоору да ишке ашырылып жатат. «Илим жактан бут бары изилденди, көп маалымат бар. Эми эмне кылыш керек дегенде сөзсүз түрдө мамлекеттик программа керек да».
Кыргыз жылкысы – улуттук сыймык. «Кыргыз жылкы менен согушкан, качкан, кубалаган. Биз ушуну өзгөчөлүгү менен сактап калбасак уят». Болот Токтосуновдун сөздөрү улуттук мурасты сактоого чакырык. Мамлекет, илимпоздор жана фермерлер бирге аракет кылса, бул баалуу мал келечек муунга өтөт.
Айпери Марлесова
Айгерим Кубатбекова