Кыргыз элинин көчмөн жашоосунда жылкысыз элестетүү кыйын. Жайлоого көчүүдө, мал кайтарганда ата-бабаларыбыз кыргыз жылкысын колдонуп келишкен.
Кыргыз жылкысын көп жылдардан бери талыкпай изилдеп келген, Агрардык Университетинин Биология кафедрасынын башчысы, Биология илиминин кандидаты, доцент Мирбек Исаев кыргыз жылкысынын асыл тукумун сактап калуу тууралуу айтып берди:
«Кыргыз жылкысы — улутубуздун байлыгы, мен студент болгонго чейин ат таптап, ат баккам, бул өнөрдү атамдан үйрөнгөм. Кыргыздар төрт түлүк мал ичинен жылкыга чоң көңүл бурушкан. Ичсе кымызы суусундук, минсе унаа, жесе эти пайдалуу, этинде холестерин жок. Жылкы туберкулез, бруцеллез оорулары менен оорубайт. Кыргыз жылкысы башка жылкылардан күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы, ташыркабай тез баскандыгы менен айырмаланат. Кыргыз элинде «Жорго минген жолдо өсөт, күлүк минген күндө өсөт», «Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин»,- деп бекеринен айтылбаса керек.
Учурда Исабеков Мирбек аталган окуу жайда жаш муундарга таалим — тарбия берип келет.
Даярдаган: Айсулуу Нурматова