Ноокат районунда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата облустук семинар болуп өттү. Семинарга Ош облусу боюнча 7 райондон катышуучулар келип күбө болушту. Ноокат райондук билим берүү тарабынан райондун бардык мектептери тил майрамына карата колдо жасалган буюмдарды көргөзмөгө коюшту. Таланттуу жаштар тарабынан мамлекеттик тилди даңазалаган майрамдык кечээ тартуулашты.
Семинардын жүрүшүндө Ноокат районунда уюштурулган Билим борборунун жетекчиси Жусуп Молдобаевдин билдирүүнө караганда «Бул семинардын максаты мамлекеттик тилди жаштар арасында жана кыргыз элине жайылтуу. Азыркы учурда жаштар чет тилдерди өздөштүруп өзүбүздүн эне тилибизди унутуп бара жаткандыгы өкүнүчтүү. Кыргыз тили эң байыркы тилдерден болуп эсептелип, сөзгө бай тил. Тилиңди унутканың, дилиңди унутканың деп билем. Бүгүнкү семинардын мааниси аябай чоң мамлекеттик тилди даңазалоо жаштарга дем күч берет», -деп ойлойм деп ой бөлүштү. Семинардын жүрүшүндө таланттуу окуучулар майрамдык кечени жогорку деңгээлде тартуулашты.
Даярдаган: Айлар Дарбишова, ТаңнуруЖалалова