Сүлүктүдөгү жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү мектебинен тандалып алынган мугалимдер дебат өнөрү боюнча көндүмдөрүн калыптандырууда.
«Бүгүн Исфана шаарындагы №1-гимназияда өткөрүлгөн дебат клубуна Сүлүктүдөн 12 жаш мугалим катышты. «Тынчтык демилгелери» коомдук бирикмеси тарабынан Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын жаштарына дебат мектеп өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты жаштар арасында дебат искусствосун өнүктүрүү аркылуу алардын критикалык ой жүгүртүүсүнүн өнүгүүсүнө, ачык жана тең диалог түзүү маданиятын калыптануусуна, этникалык, улуттук, диний жана регионалдык айырмачылыктарга толеранттуу мамиле кылууга көмөктөшүү.
Дебаттык мектептин алкагында жаштар дебаттын БПФ (Британ парламенттик форматы) жана АПФ (Америка парламенттик форматы) форматтарында ойноону үйрөнүштү, эл алдында сүйлөө жөндөмүн, критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн, конструктивдүү жана эффективдүү аргументтерди келтирүү жөндөмдөрүн өнүктүрүштү.
Дебаттык мектеп “Баткен облусунун жаштарын тыюу салынган радикалдык жана экстремисттик агымдарга кошулуусун азайтууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.
Долбоор NED (National Endowment for Democracy) уюумунун колдоосу менен ишке ашууда»-деп маалымат берди дебат мектебин уюштурган «Тынчтык демилгелери» коомдук бирикмесинин адиси Акылбек Абдрахманов.
Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов