2026-жылдын 18-февралында Кочкор айылында бүтүрүүчүлөрүнө арналган кесипке багыт берүүчү «Кесиптик Компас» форуму өттү. Иш-чарага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиев, орун басары Талгар Исаев жана Кочкор айылында жайгашкан төрт мектептин 9-10-11- класстарынын окучуулары катышышты.

Иш-чаранын негизги максаттары боюнча «Кыргызстан жаштар кыймылы» аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Азамат Эсеналиев семинар боюнча маалымат берди:
«Бул семинардын максаты — окуучуларды заманбап кесиптер жана алардын талаптары менен тааныштыруу. Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайларындагы багыттар, билим берүү программалары жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берүү каралган. Мындан сырткары, аймактагы жаштарды туура кесип тандоого багыттап, мотивациясын жогорулатуу, алардын жөндөмдөрү менен кызыкчылыктарын аныктоого көмөктөшүү жана келечекке багытталган туура чечим кабыл алуусуна колдоо көрсөтүү болуп саналат.»

«Кыргызстан жаштар кыймылы» аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Азамат Эсеналиев
Бул долбоор Маданият министрлиги тарабынан демилгеленип азыр «Агартуу Лигасы» жана «Кыргызстан жаштар кыймылы» жети областта «Кесиптик Компас» аталышындагы семинар өткөрүп жүрөбүз. Бүгүн Нарын облусунда Кочкор районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келип семинар өтөбүз, негизгиси жаштарды туура багытка буруучу маанилүү платформа менен тааныштыруу.»

Иш-чаранын жүрүшүндө семинар расмий ачылыш сөзү менен башталып, уюштуруучулар бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалашты. Андан соң ар түрдүү кесиптер, ар бир тармактын өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары жана кыйынчылыктары тууралуу кеңири маалымат беришти.Ошондой эле бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Эң активдүү болгон окучууларга белекке китептер берилди.

Соңунда Кочкор райондук администрациясынын атынан «Кыргызстан жаштар кыймылы» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнө ыраазычылык кат тапшырылып, иш-чара жылуу маанайда жыйынтыкталды.
Даярдагандар: Канайым Мирланова, Мырзайым Төлөбекова