Жалал-Абад облусунун прокурору Т. Ишеналиев тарабынан бекитилген атайын графикке ылайык, Токтогул районунун Элмирбек Иманалиев айыл аймагында элдик жыйындар өттү.
2026-жылдын 3-мартында Өзгөрүш жана Ничке-Сай айылдарынын тургундары райондук жетекчилик жана укук коргоо органдарынын башчылары менен бетме-бет жолугуп, көйгөйлөрүн ортого салышты. Иш-чарага Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, Э. Иманалиев айыл өкмөтүнүн башчысы М. Сатаров, ошондой эле укук коргоо органдарынын жана райондук ишкана-мекемелердин жетекчилери катышты.
Элдик жыйындын алкагында жергиликтүү тургундар айылдагы эң орчундуу социалдык жана чарбалык көйгөйлөрдү тизмектешти, жайыттарды пайдалануу жана жер тилкелерине тиешелүү маселелер, ички жолдордун абалы жана оңдоп-түзөө муктаждыгы, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, жаңы бала бакчалардын курулушу же иштеп жаткандарын кеңейтүү болду.

Ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча район акими А. Тюкебаев жана прокурор Б. Абыкеев баштаган жетекчилер кеңири маалымат беришти. Мыйзам чегинде чечүү жолдору талкууланып, тиешелүү мекеме башчыларына тапшырмалар берилди. Прокуратура органдары мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча түшүндүрмө берип, жарандардын арыз-даттанууларын жеринде кабыл алышты.
«Бүгүнкү биздин жолугушуубуздун башкы максаты — элдердин көйгөйлөрүн кабинетте отуруп эмес, ушул жерден, бетме-бет угуу жана жеринде чечүү жолдорун издөө болду. Мамлекет башчыбыздын саясатынын негизи — элдин үнүн угуу жана ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Эл тараптан көтөрүлгөн жайыт, жер, таза суу жана бала бакча маселелерин биз жакшы билебиз. Бул багытта бир топ долбоорлор иштелип жатат. Мисалы, ички жолдорду оңдоо жана таза суу системаларын жаңылоо боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди. Ооба, баарын бир күндө чечип салуу мүмкүн эмес, бирок биз бюджеттик мүмкүнчүлүктөргө жараша ар бир айылдын муктаждыгын кезек менен чечебиз. Бүгүн бул жерде прокуратура жана укук коргоо органдарынын жетекчилери да отурат. Бул ар бир маселе, өзгөчө жер жана жайыт талаштары мыйзам алкагында, адилеттүү каралат дегенди билдирет. Эч бир маселе көз жаздымда калбайт. Биздин эшигибиз жергиликтүү тургундар үчүн ар дайым ачык. Биримдик бар жерде гана өнүгүү болот, районубуздун келечеги үчүн чогуу аракет кылганыбыз жакшы болот» дейт Токтогул райондук администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев
Даярдаган: Азема Кудуева