Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиев айыл аймагында жашаган айымдарды 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу Күнтуу айыл аймагында жашаган кадырлуу апалар, эже-карындаштар! Сиздерди жаздын жарчысы болгон 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Аялзаты – үй-бүлөнүн куту, коомдун көркү, жашоонун жылуулугу. Сиздердин мээримиңиздер, акылмандыгыңыздар жана талыкпас эмгегиңиздер менен айылдын өнүгүүсүнө чоң салым кошулуп келет.
Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, үй-бүлөңүздөрдө бакыт, ынтымак жана береке болсун. Ден соолугуңуздар чың болуп, ар бир күнүңүздөр кубанычка толо берсин”, — деп билдирди ал.
Куттуктоонун соңунда айыл өкмөт башчысы айымдарга бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.
Даярдаган: Жанар Алкожоева