Бүгүн 2026-жылдын 8-март күнү Кочкор районундагы «Чолпон» кинотеатрынын имаратында «Кочкор Биримдиги» коомунун төрагысы Ормон Нурбек уулу, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Адилет Белеков жана Кочкор маданият үйүнүн кызматкерлери менен бирдикте райондогу айымдарга майрамдык маанай тартуулашты.

Салтанаттуу иш-чарага мекеме кызматкерлер, мугалимдер жана айымдар катышып, майрамдык маанай тартууланды. Кочкор маданият үйүнүн кызматкерлери майрамдык концерттик программа даярдап белек кылышты. Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин кенже тайпадагы бийчилер өзүнүн бийлерин тартуулашты.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө ЖК депутаты Адилет Белеков аялдардын коомдогу орду, үй-бүлөдөгү тарбиядагы жана коомдук турмуштагы салымы тууралуу жылуу сөздөрүн айтты. Куттуктоо сөздөрүндө аялзатынын мээрими, акылмандыгы жана эмгеги жогору бааланып, алардын ар тараптуу ишмердүүлүгү коом үчүн маанилүү экенин белгиледи. Салтанаттын алкагында айымдарга гүл тапшырды.

ЖК депутаты Адилет Белеков
Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин директордун милдетин аткаруучусу Махабат Жапарова майрамдык маанай менен бөлүшүп кетти:

Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин директордун милдетин аткаруучусу Махабат Жапарова
» Бүгүнкү энелерге арналган концерттик программаны тартуулашты, уюштуруусу абдан сонун болуптур, чоң ыраазычылык билдирип кетейин. Учурда жан дүйнөбүз жан азык алып, көңүлүбүз ачылып турган учурубуз»

Жыргалбек Абдыкалыков маданият үйүнүн директору Сүйүндүк Сандыбаев
Ал эми Кочкор райондук Жыргалбек Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн директору Сүйүндүк Сандыбаев Кочкор аймагынын айымдарына кийинки куттуктоо сөз айтты:
«Гүл сунуп сага не кылам, гүл болуп өзүм турганда. Аялзатты биз дайыма гүлгө теңейбиз» Бардык айымдарга бекем ден-соолук, иштерине ийгилик каалап кетет элем.

Даярдаган: Канайым Мирланова