Бишкек шаарынын Ленин районундагы №119 Р. Мамыралиев атындагы орто мектептин спорт залынын жана коридорунун чатыры катуу шамалдын кесепетинен учуп, имаратка зыян келтирилди. Окуя 2026-жылдын 21-февралында катталган.


Мектеп директору Динара Султаналиеванын айтымында, катуу шамал спорт залдын жана коридордун чатырын учуруп кеткен. Бактыга жараша, окуя болгон учурда эч ким жабыркаган эмес.
«Бүгүнкү күндө мектеп имаратынын чатырын толугу менен алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте келтирилген зыянды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Учурда чатырды калыбына келтирүү иштерине 7 уста тартылган. Усталар эски материалдарды алып салып, анын ордуна шамалга туруктуу жаңы курулуш материалдарын колдонуп жатышат.
Уста Асанкул Бектургановдун маалыматына ылайык, чатырды бекемдөө максатында жыгач конструкциялар биозащита менен иштетилип, 20 сантиметрлик изовер менен жылууланды. Ошондой эле чатыр калыңдыгы 0,7 мм болгон тинике менен жабылып, мауэрлат кошумча анкерлер менен бекитилди.
«Чатырдын айланасы капталып, суу агызуучу түтүктөр орнотулду. Кар тоскучтар да коюлду. Аба ырайы өзгөрүп турганына карабастан, жумуштар токтобой жүргүзүлүп жатат», — деди уста.

Даярдаган: Берметкан Исабекова