Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан 15-март – Аталар күнүнө карата “Камкор ата” аттуу иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага райондо мамлекеттик кызматты ийгиликтүү аркалап, үй-бүлөсүндө да үлгүлүү ата болуп келген мырзалар, ошондой эле балдарын жалгыз тарбиялап, үй-бүлөдө атанын да, эненин да милдетин татыктуу аткарып жаткан аталар катышты.

Жалпысы болуп 15 ата чакырылып, алардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду, балдардын тарбиясындагы маанилүү ролу белгиленди.

Катышуучуларга жылуу куттуктоолор айтылып, ыраазычылык билдирилип, майрамдык маанай тартууланды.

Ошондой эле, аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турган 3 атага демөөрчү-ишкер Орозмамбетов Азамат тарабынан азык-түлүк жана таттуу белектер тапшырылды.

Бул иш-чара аталардын коомдогу кадыр-баркын арттырып, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоого багытталды.
Даярдаган: Анара Мааметова