Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан 20-март Орозо айт майрамы деп белгиленгендиктен бүгүн Баетов айылындагы Борбордук «Абу Бакр Ас-Сыдык» мечитинде Айт намазы окулду.



Алгач куран окулуп, дин кызматкерлери орозонун маани-маңызы ж.б баяндар айтылды.
Андан соң Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким М.Камчыбеков Орозо айт майрамы менен куттуктап, ар бир үйдө тынчтык, молчулук, береке жана ынтымак болсун деген тилектештигин билдирди.
Эске салсак, Орозо айт майрамы орозо аяктагандыгын белгилеген мусулмандардын майрамы.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова