Бишкек шаарындагы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети энергетиканын келечегине арналган маанилүү аянтчага айланды. 2026-жылдын 23-мартында университетте режиссер Оливер Стоун тарткан “Атом” даректүү тасмасы көрсөтүлүп, студенттер арасында талкуу уюштурулду.

Иш-чараны Росатом мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өткөрүп, жаштар үчүн атайын агартуучу викторина да уюштурду.
Даректүү тасмада атомдук энергетикага байланыштуу коомдогу стереотиптер каралып, ядролук энергия климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөштө жана глобалдык энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо маанилүү курал катары сунушталат.
Иш-чаранын алкагында “Росатомдун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов сөз сүйлөп, өлкө үчүн энергетика тармагында комплекстүү чечимдер зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү, анын ичинде шамал энергетикасын киргизүү, суу ресурстарын үнөмдөөгө жана ГЭСтерге түшкөн жүктү азайтууга жардам берет.

Иш-чара “Atomic Quiz” интеллектуалдык оюну менен жыйынтыкталып, студенттер таза энергия боюнча билимдерин сынап көрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер энергетиканын келечеги тууралуу өз ойлорун билдирип, тармакты илимий жана экологиялык жоопкерчилик менен өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.
