Төлөк айылында фудбол аянтчасы акыркы жылдары жараксыз абалда болуп, ал жакта фудбол ойноо дээрлик бир жылга токтогон. Эми минтип фудбол аянтчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп расмий түрдө кайрадан ачылып, ага айыл тургуну Баслакунов Бакыттын ысымы ыйгарылды. Бул демилге анын айылга кошкон салымын эскерип, жаштарга дем берүү максатында уюштурулду.

Аянтчанын ачылыш аземине карата футбол сүйүүчүлөр үчүн атайын турнир өткөрүлдү. Мелдешке айылдагы жигиттерден түзүлгөн 7–8 команда катышып, кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндарды көрсөтүштү.

Турнирдин байге фонду Баслакунов Бакыттын агасы Баслакунов Мелисбек тарабынан демөөрчүлүк кылынды. Бул колдоо иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө өбөлгө түздү.

Мындай спорттук иш-чаралар айыл жаштарын сергек жашоого үндөп, биримдикти бекемдөөгө чоң салым кошот. Жаңы газон аянтчасы эми айыл жаштары үчүн туруктуу машыгуу жана мелдеш өткөрүүчү маанилүү жай болуп калары күтүлүүдө.

Даярдаган: Мирайым Конокбаева