Токтогул шаарында тартипти жана калктын ден соолугун коргоо максатында атайын рейддер өткөрүлүүдө. Эми белгиленбеген жерлерде тамеки тарткандар айып пул төлөшөт. Жакында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн (РРИИБ) көчмө кабылдамасы шаар аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Милиция кызматкерлери эл көп чогулган базарларда, соода түйүндөрүндө жана тамактануучу жайларда болушуп, жарандарга жаңы эрежелерди эскертишти.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине ылайык, коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынат. Бул эреже кадимки тамекилерге гана эмес, электрондук тамекилерге (вейп) жана кальяндарга да тиешелүү. Эрежени бузгандар үчүн 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып пул каралган.

Көпчүлүк жарандар «эскертүүчү белги жок болсо, чеге берсе болот» деп жаңылышат. Иш жүзүндө төмөнкү жерлерде белги бар-жогуна карабай чегүүгө болбойт:
Мектеп, бала бакча жана ооруканалардын аймагында;
Мамлекеттик мекемелердин имараттарында;
Аялдамаларда жана коомдук транспортто;
Кафе-ресторандардын ичинде (эгер атайын обочолонгон бөлмөсү жок болсо);
Балдар аянтчаларында жана көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддеринде.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында тиешелүү жайларга «Тамеки тартууга болбойт» жана «Тамеки тартуучу жай» деген белгилер илинди. Бирок, шаар тургундары белгилегендей, учурда атайын жабдылган «тамеки тартуучу жайлар» (курилкалар) жетишсиз болууда.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, мындай иш-чаралардын негизги максаты — жарандарды айыпка жыгуу эмес, коомдук жайларда таза абаны сактоо жана жаш муунга терс үлгү көрсөтпөө.

Токтогул РРИИБ жарандарды мыйзамды сактоого жана башкалардын, өзгөчө балдардын ден соолугуна кам көрүүгө чакырат.
Даярдаган: Азема Кудуева