Токтогул районунда Чернобыль атомдук электр станциясындагы каргашалуу окуянын 40 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары К. Аттокуров, райондун аскер комиссары Ч. Кубатбек уулу, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, апааттын ардагерлери жана алардын жакындары катышты

Эскерүү салтанаты Азимкан атындагы эс алуу багында башталып, катышуучулар апааттын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбарларды коюшту. Баатырларча курман болгон жоокерлердин элесине багышталып куран окулуп, аскердик залп атылды.

Иш-чаранын расмий бөлүгү райондук администрациянын жыйындар залында уланды. Жыйында сөз сүйлөгөндөр Чернобыль катышуучуларынын адамзатты коркунучтуу радиациядан сактап калуудагы өчпөс эрдигин баса белгилешти. Ардагерлерге сыйлыктар тапшырылып, А. Керимбаев атындагы маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ардагерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында атайын акча каражаттары бөлүнүп берилди.

Тарыхый маалыматтарга таянсак, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга Токтогул районунан 28 жаран аттанган. Бүгүнкү күндө район аймагында ошол апааттын 19 катышуучусу арабызда жашап, коомдук иштерге жигердүү аралашып келишет.

Даярдаган: Азема Кудуева