Бүгүн Кочкор районунун борбордук аянтында Жамангул Тойгонбаев атындагы № 15 кесиптик лицейи кесиптердин ачык эшик күнүн өткөрүштү.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө туура кесип тандоого багыт берүү максатында кесиптик лицей тарабынан атайын иш-чара уюштурулду. Ага мектеп бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер жана лицейдин окутуучулары студенттери менен катышышты.

Жолугушунун жүрүшүндө ар бир кесиптин артыкчылыктарын айтып, жаштарды келечекте эмгек рыногунда керектүү адис болуга Жамангул Тойгонбаев атындагы № 15 кесиптик лицейинин директору Үсөн Карамакеев чакырып кетти. Бүгүнкү күндө кесиптик билим берүүнүн мааниси чоң экенин белгилеп, жаштарды өз кызыгуусуна жараша кесип тандап, эмгекчил жана жоопкерчиликтүү адис болууга чакырды. Ошондой эле катышуучулар өздөрүнүн кызыктырган суроолорду берип, кесип тандоо боюнча пайдалуу кеңештерге ээ болушту.

Жамангул Тойгонбаев атындагы № 15 лицейинин директору Үсөн Карамакеев презентация иш үстүндө
Иш-чаранын алкагында окуучулар үчүн кызыктуу көргөзмөлөр. спорттук оюндар уюштурулуп, айрым адистиктер боюнча практикалык иштер көрсөтүлдү. Бул бүтүрүүчүлөргө кесиптер менен жакындан таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Жыйынтыгында уюштуруучулар келген окуучуларга жана конокторго чакан концерттик программа тартуулап, спорттук оюндардын мыктыларына медаль жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.
Даярдаган: Райана Советова, Тахмина Абдилбек кызы